Бишкекте эртең «Интеллектуалдуу бала — Кыргызстандын келечеги» аттуу шахмат боюнча фестиваль старт алат.

Фестивалда балдар үч жаш катогориясы боюнча 9дан 16 жашка чейин ат салышат, була тууралуу Кабар маалымат агенттиги билдирди.

Ал эми турнир өзү эки этапта өтөт: шахмат боюнча Федерациясынын имаратында тандоо, ал эми фестивалдын финалы 27-январь күнү "Bishkek Park" соода борборунда өтөт.

Жеңүүчүлөр кымбат байгелер менен сыйланат.

Андан тышкары ар бир катышуучу гроссмейстерлер тарабынан уюштурулган мастер-класска катыша алат.