Кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков Түштүк Кореялык мушкер менен беттешет.
Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө грэпплингдин негиздөөчүсү жана ММА боюнча машыктыруучу Кенжебек Чекиров билдиргенин «Кабар» агенттиги жазды.
Анын айтымында, Жээнбековдун атаандашы Жун Су Лим менен келишим түзүлгөн.
Аралаш мушташ боюнча кармаш 23-июлда Сеулда (Корея) болот.