Кыргызстандык таэквондочулар Россияда өткөн ачык чемпионатта 4 медаль утушту. Бул тууралуу КР ITF таэквондо федерациясынын президенти Виталий Олейниченко билдирди.
Чемпионат 29-мартта Климовск (Москва облусу) шаарында өткөн. Кыргызстандын атынан беш спортчу барган, башкы машыктыруучу Баткендик Диёрбек Юлдашов.
Жыйынтыгында курама: 1-алтын жана 3-күмүш медаль уткан.
Асадбек Тажибаев 50 кг салмактык категория боюнча чемпион болду. Хамроз Рузибоев (70 кг.), Билолдин Мирзахокимов (35 кг) жана Дилмурат уулу Бехрузбек (35 кг) коло медаль утушкан.