17 жаштагы кыргызстандык Рамазан Атазов өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Европа боюнча чемпиону болду. Бул тууралуу ММКларга чемпиондун анын агасы Шайлообек Атазов билдирди.
Анын айтуусунда, жээни кечээ 50 кг салмактык категория боюнча Европа Кубогун утуп алган. Чемпионат Россиянын Тула шаарында өтүп жатат.
Турнирге 18 өлкөдөн келген спортчулар катышты.
Рамазан Атазов 12 жашынан бери Москва шаарында жашайт. Спорт менен 10 жашынан тарта машыгып келет.