Bill Farrell Memorial International Open 2018 турнири Нью-Йоркто 30-марттан 1-апрелге чейин грек-рим жана эркин күрөш боюнча эркектер жана аялдар арасында өткөн.
Надырбек уулу "Питтсбург" клубдун атынан эркин күрөш боюнча 57 кг салмактык категория боюнча мелдешке чыккан.
Эске сала кетсек, 2017-жылы Надырбек уулу Дейв Шульцтун ("Dave Schultz Memorial International") турниринде алтын медаль уткан.