Кыргызстандык Елизавета Рогожникова Люксембургда өткөн сүзүү боюнча 20 EuroMeet Luxemburg 2018 турниринде "күмүш" медаль утуп, Кыргызстандын жаңы рекордун койду.
КР аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, турнир 26нан 28-январь аралыгында өткөн. Ага 26 мамлекеттен 1 миң сүзүүчү катышкан.
400 м аралыкта аялдар арасындагы комплекстүү сүзүү боюнча Е.Рогожникова күмүш медаль утуп, бул дистанция боюнча КРде жаңы рекорд койду.