Хабиб Нурмагомедовдун эң улуу күйөрманы Кыргызстанда жашайт. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасында жазып чыккан.
Анын айтымында, мартта ал карыя 103(!) жашка чыгат.
«Ал UFC башынан тарта көрүп баштаган, ал эми менин мушташтарымды мен чыккандан тарта көрө баштаган (2012-жыл). Кудайым ага ден соолук берсин, үй-бүлөсүнө тынчтык каалайм»,-деп жазган мушкер.
Эске сала кетсек, Кыргызстанга 23-январда UFC жылдызы Хабиб Нурмугамедов келген. Мушкер Бишкекте өз күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү. Аны менен көрүшкөнгө көп миңдеген күйөрмандары келген жана уюштуруучулар жолугушууну жогорку деңгээлде сый көрсөтө алган.