Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну Айнур Ибраева үй-бүлөсү менен боз үй жасап, киреше табышат. Алар жасаган боз үйлөрдүн бири Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровго белекке берилгенин Турмуш.kg билдирет.

Айнур айым Н.Исанов атындагы Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде экономист адистиги боюнча билим алган. Ал эми боз үйдүн жасалгаларын жасоо менен 15 жылдан бери алек.

«Ата-энем, бир туугандарым менен чогуу эмгектенип келебиз. Боз үй чоң философияга ээ экени талашсыз. Анын жыгачын иним Кылыч Ибраев жасайт. Жыгачы түндүк, уук-кереге, эшик, босогодон турат. Ички жасалгасын кийизден жасап, оймо-чийме түшүрөбүз. Түндүктүн жабык башы, ички-сырткы жабык башы, шырдак тегерек оюлуп, шырылып жасалат. Жиптерден өрмөк боолору, тегирич, чачыларын жасайбыз. Бир боз үйдү 1,5 айда жасоого болот. Жылда ар кандай буйрутмалар түшөт. Бир жылы 30 боз үйгө буйрутма түшүп, баарына жетишип жасап бергенбиз. Ал боз үйлөрдү арабдар алышкан эле», — деди ал.

Бул үй-бүлө жасаган боз үйлөр Финляндия, Татарстан, Казакстан, Түркия, Америкага чейин сатылат. Ошондой эле 4 жыл мурун Чечен президенти Рамзан Кадыровго белекке боз үй жасап беришкен.

«Биздин Бейшенбек аттуу агабыз небересинин атын Рамзан койгон. Ал Рамзан Кадыровго атайын айттырып кат жолдоп, анан чакыруу келди. Ал Чеченстанга барып, биздин боз үйдү тиккен. Кадыровго анын ичинде чай берип, баласына бата алып келген. Ал эми өзү белекке Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батир алган.

Казакстандагы эс алуучу жай үчүн 10, Бишкектеги тарых музейине 1 боз үй жасап бердик. Боз үй жасап жатканыма сыймыктанам. Чоң энем жана өзүмдүн апам уз болгон. Биздин милдет — жөн гана акча табуу эмес, баалуулуктарыбызды унутта калтырбай сактап, муундан муунга өткөрүп берүү», — деди ал.