Боинг 707 учагы 14-январда таң эрте Тегерандын четиндеги  Караж шаарынын Сафадашт аймагынын тегерегинде кулап түштү.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкектен Ирандын Караж шаарына бет алган учак "Паям" аэропортунун ордуна адашып, "Фатх" аэропортуна конуп жатып, учкуч самолетту башкара албай калган  кезде кырсыкка учураган. Фатх аэропортунун жетекчилери, учкуч самолетту башкара албай, конуу сызыгынан чыгып кетип, аэропорттун дарбазаларына, андан соң жакын жашаган шаарчаны карай сүзүп кирип кеткенин кабарлашты.

Белгилей кетсек, 14-январда Бишкектен Ирандын Караж шаарына бет алган бул учак Кыргызстандан Иранга эт алып бара жаткан.

Берилген маалыматтарга караштуу, бул учак Иранга таандык.
Аба кырсыгы катталган жерге тезинен тик учактар жана бир нече тез жардам унаалары жеткирилген.

Акыркы берилген маалыматтарга ылайык, учакта 16 жүргүнчү болгон, учурда алардын тирүү жана жансыз денелери табылууда.