Абай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын 2013-жылы аяктап, ошол эле жылы Москва шаарына ординатура, аспирантураны улантуу үчүн кеткен.

«Кичинекей кезимде адамдын дене түзүлүшүнө өтө кызыкчумун. Эмне үчүн адамдарда эки кол, эки бут, эки көз болот деген суроо ар дайым жаралып, көп ойлончумун. 9-класстан баштап биология, химия сабактарын кызыгып окуп, көп суроолорума жооп таба баштадым. Ошондон улам изденүү пайда болду. Кызыгуулар менин хирург болушума түрткү болду. 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын кызыл диплом менен аяктадым. Ошол эле жылы ординатура, аспирантурада окуу үчүн Москвага кеттим. Ал жерде иштесем деген оюм бар болчу. Бирок элиме кызмат кылуу үчүн кайтып келдим. Учурда жүрөк, хирургия жана орган трансплантациялоо илимий институтунда хирург болуп иштеп жатам», — деди ал. Бул тууралуу «Турмуш» сайты билдирет.

Жаш хирург алгачкы жолу операцияга киргенде толкунданбаганын айтат. Бейтап анын жашын улам-улам сураганын унутпайт.

«Бир жолу бейтап "мени сиз операция кыласызбы, сиз канча жаштасыз?" деп улам-улам сураган эле. Мен анда 24 жашта болчумун. Бирок операция ийгиликтүү өткөн. Биринчи бейтабымсыз деп ал киши менен азыркыга чейин кабарлашып турабыз», — деди ал.
Абайдын айтымында, жүрөккө операция бир нече дарыгерлердин командасынын кеңеши менен жасалат. Ал команда «хартим» деп аталат.
«Бизге ар кандай адамдар кайрылышат. Айрымдарынын акчасы жок болсо, кээ бирлеринин акчасы көп болот. Кыргызстанда медициналык жардам көп көрсөтүлбөйт. Ошондуктан мен аларга колдон келген жардамымды берип, түшүнүү менен мамиле кылам. Хирург болгондон кийин адамдын тагдыры сенин колуңда экенин сезесиң. Ошондуктан алгач анализдерин алып текшеребиз. Хирургдардын атайын командасы бар, аны биздин тил менен "хартим" деп коет. Тактап айтканда, жүрөк командасы. Бейтапты баарыбыз текшергенден кийин бир чечимге келебиз. Негизи бир да хирург операция ийгиликтүү болот деп кепилдик бере албай. Себеби операцияда ар кандай учур болот. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнгө чейин жасаган операцияларымдын бири да ийгиликсиз болгон эмес. Жоопкерчиликти сезем», — деди Абай Турдубаев.