Бишкекте «АгроТех Экспо-2018» аттуу ири көргөзмө өтөт. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда маалымдады.

Анын айтымында, бул иш-чара эртең башталып, 16-ноябрга чейин уланат. Көргөзмө эски аянтта өткөрүлөт.

«Көргөзмөгө 17 өлкө катышып, 40 ар түрдүү фирма болот. Иш-чарада техника тармагынан машиналар, курулуш материалдары жана башкалар көрсөтүлөт», — деди Чодуев.

Үч күн ичинде иш-чарага 5-7 миң адам келет деп болжолдонууда.