«Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында республика жаштарынын конгрессинин ачылышында.

Элзар Тилебалды уулу тартуулаган «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен таанышып чыгып, Президент мамлекет башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жаткандыгын белгилеп, бир кезде «100 менеджер» кыймылы түзүлгөн Япониянын тажрыйбасын мисалга келтирди. Бул тууралуу КР Президентинин басма созу билдирди.   

«Билимдүү, иштерман, жаңы көз караштардагы жаш адамдар бул өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө өзгөчө роль ойногон. Улуттук кадрдык, менеджерлик корпуста жаштардын катары калың болушу керек», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматы Улуттук кадрлардын резервин түзүүнүн алгачкы этабын аяктагандыгын эске салды.