11-12-ноябрь күндөрү Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына карата Париж шаарында алтымыш мамлекеттин жетекчилеринин катышуусу менен өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков менен Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу өттү. Жолугушууда Төрага Франция мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дубай саламын билдирди.

Аны менен катар Дастанбек Жумабеков Президент Сооронбай Жээнбеков Франция Президентинин чакыруусун кабыл алгандыгын жана 2019-жылы Францияга иш сапар менен келерин маалымдады.

Өз кезегинде Эммануэль Макрон Франция үчүн эң маанилүү саналган иш-чарага Кыргызстан тараптын катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.