Бишкекте 24нөн 29-июнь күндөрү СССРдин артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, КРнын эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана атактуу режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган Республикалык Х театр фестивалы болот. Бул тууралуу «Кабар» КР Маданият министрлигине таянып маалымдайт.
Иш-чара Региондорду өнүктүрүү жылына карата, бардык аймактардан келген театрлардын оюн-зоокторунун катышуусунда өтөт.
Фестивалдын максаты —кыргыз элинин залкар инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу, театр ишмердүүлүгүнүн көркөмдүк деңгээлин көтөрүү.