Бишкекте бүгүн, 25-майда саат 9:00дөн тарта калаадагы бардык мектептерде окуу жылы аяктап, салтанаттуу түрдө «Акыркы коңгуроо» кагылды.
10 миң 626 тогузунчу класстын бүтүрүүчүсү жана 5 миң 823 — 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылды.
Иш-чарага ата-энелер, мугалимдер жана ардактуу коноктор катышып, майрам концерттик программа менен коштолду.