Анда быйыл 9-майда аталган акция боюнча жүрүштү өткөрүү, кайсыл жерден кантип башталары сүйлөшүлдү.
Быйыл «Өлбөс полк» жүрүшү Түштүк дарбазадагы «Жеңиш» паркынан башталып, Байтик баатыр көчөсү менен жүрүп отуруп, «Жеңиш» аянтынан аяктайт. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жалпысынан 6,6 чакырым жолду басып өтүп, катышуучулардын коопсуздугу үчүн бир катар көчөлөр жабылат. Коомдук тартипке милициянын кызматкерлери, элдик кошуунчулар тобу жана ыктыярчылар көз салып турат. Бул туурасында уюштуруучулар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.
Жүрүштү Коргоо министрлигинин аскерий оркестри жана согуштун катышуучулары түшкөн автоунааларынын колоннасы баштайт.
«Кыргызстандагы өлбөс полктун» коомдук штабы бардык кыргызстандыктарды кан-жанын аябай, тынчтык жашоо үчүн күрөшкөн аталардын, апалардын элесин эскерүүгө чакырат.
Иш-чара саат 10:00дө башталат.
«Өлбөс полк» акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россияда, Казакстандын жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн. Андан кийин бул акцияга Израиль, Кыргызстан жана Белоруссия мамлекеттери да катышкан.