"Ак калпак күнүнүн урматына карата, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир тонна бешбармак жана жүз метр чучук жасалат. Казактар 600 килограмм бешбармак менен Гиннес китебине кирген экен, биз ошондуктан бир тонна жасап жатабыз. Ак элечек, ак калпак долбоору биригип, ак калпак күнүнүн даражасын бийик көтөрүп, урмат кылып. аздектеп ушундай иш-чараны уюштуруп жатабыз", — деп билдирди.
Элнура Кулуеванын айтымында, бир тонна бешбармак жасоо үчүн 5 жылкынын эти керектелет. Учурда демөөрчүлөр тарабынан 5 жылкы берилген.
"Биздин иш-чараны колдойбуз, кыргыздын улуттук тамагына, кийимине кайдыгер эмеспиз деген жарандардын баарын бизди колдоого чакырабыз", — деди Кулуева.