Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жана Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн сайты билдирди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту.
Өкмөт башчы Европа Биримдигине өлкөдөгү шайлоо тутуму, билим берүү жана укук үстөмдүгү жаатындагы реформаларды үзгүлтүксүз колдоого алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Өкмөт жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу реформаларды аныктады. Биринчи кезекте реформалар бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын тутумун түзүүгө багытталат, анын катарына мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жана айкындынгын, натыйжалуу мамлекеттик аппартты, адилет салык салуу жана бажы төлөмдөрүн чогултуу, ошондой эле мамлекет жана жарандын өз-ара аракеттешүүсүнүн бардык тармагындагы коррупциянын алдын алуу кирет», — деди Сапар Исаков.
Петер Буриан Кыргыз Республикасындагы 2017-жылкы президенттик шайлоонун жогорку деөгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилеп, ошондой эле Өкмөттүн «Жаңы доорго — кырк кадам» жана «Таза Коом» программаларына кенен токтолду.