Сокулук районунун Романовка айылындагы турак үйдүн меши жарылып, анын кесепетинен 1996-жылы туулган Анара денесинен 65% күйүк алып, оор абалда Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Окуядан 11 күн өткөндөн кийин кош бойлуу келин борбордогу ооруканада көз жумганын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди. Бул тууралуу Таzabek порталы билдирди.

«Ал бүгүн, 9-февраль күнү жерге берилет. Артында жолдошу менен 2016-жылы төрөлгөн
уулу калды. Өзүнүн ата-теги Суусамыр өрөөнүнөн болот. Ал эми, маркум Романовка айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн. Жолдошу экөө сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Кырсыктан кийин ооруканадан ичиндеги баланы алдырып, кыйналып калды деп жатышат. Ал Сокулуктагы ооруканадан 4 күн өткөндөн кийин Бишкектеги ооруканага которулган болчу. Ошол жерден көз жумду», — деп билдиришти тургундар.
Маркум Анаранын жолдошу Бекмурат Камбаровго Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кайрылган учурда келинчеги ооруканадан үйгө чыгарып келгенден кийин, 4-февралдан 5-февралга караган түнү көз жумганын тастыктады.

«Дарыгерлерге эч кандай дооматым жок. Алар күнү-түнү карап жатышты. Өзүнчө бөлмөгө чыгарып бергиле десем, өзүнчө бөлмөгө чыгарып беришти. Сокулук аймактык ооруканадан Бишкектеги күйүк борборуна которгонбуз. Боюнда бар эле. Баланы алдыргандан кийин күчтүү дарыларды көтөрө албай калды. Клеткалары өлбөш үчүн күчтүү дарыларды берет экен.

Сокулуктан денесинин 65 пайызы күйүп калды деп айтышкан. Бишкектен 80 пайызы күйүптүр дешти. Сокулуктагы ооруканадан чыгарып жатканда дарыгерлер ичиндеги балага коркунуч жок деп айтышкан. Бирок, шаарга барганда гинекологдордон кеӊеш сурагыла деп билдиришкен. Акчам калбай калып, акчага кеткенде келинчегимдин жанында кайын журтум калган», — деди ал.

Бекмурат Камбаров келинчегин Сокулуктан Бишкекке алып баргыча бала боюнан түшүп калганын кошумчалады.

«Күчтүү дарыларды көтөрө албай калды. Акыркы күндөрү дарыгерлер сактап калууга мүмкүндүк жок экенин айта башташкан. Келинчегим да үйгө кетем деп туруп алды. Аны үйгө оор абалда чыгарып келгенден кийин, 4-февралдан 5-февралга караган түнү көз жумду. Дайыма жылытуучу системаны карап турчумун. Менин катам, кырсык болгон күнү жылытуучу системаны карабай коюптурмун. Ал окуяга 2 саат калганда мешке өзүм от жагып, андан кийин жумуштарым менен кеткен элем. 3 сааттан кийин телефон чалышты. Үйгө барып келинчегимди көтөрүп унаага салып, ооруканага алып баралы деп жатсак тез жардам кызматы келип калды. Сокулукта 3 күн жатты. Ошол күндөрү катуу суук болуп жаткан. Мен эртеден кечке жумушта болуп, үйдө келинчегим баланы карап отурчу. Элге айтарым, жарым сааттык убакытты аябай, жылытуучу системаны текшерип туруш керек», — деди ал.