Кыргыз көркөм өнөрүнүн эмгекчил өкүлү, кыргыз эстрада ырчыларынын саяпкери, кыргыз маданиятынын тулпары, Солто уруусунун уулу Рафаил Тагайбек уулу Сарлыков 60 жашта.
Ооба, ал 60 жашта. Азбы, көппү алтымыштан ашты. Он жети жашында Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы искусство институтуна кирип, аны жогорку квалификациядагы клуб кызматкери жана өздүк көркөм чыгармачылыгынын эл аспаптар оркестринин жетекчиси деген кесипке ээ болуу менен окууну ийгиликтүү аяктады.
Институттун босогосун аттап өткөндөн баштап, окуу жайдын аваздык аспаптык ансаблинин жигээрдүү катышуучусу болуп, бир топ тажрыйбага ээ болду.
Ички дүйнөсүн музыкалык улуу мурастарды сиңирип, институту аяктага соң, маданият министрлигинде кызмат кылганына карабастан, ошол эле убакта, Абдраев атындагы музыкалык атайын орто мектебинин окуучуларын Ырыскелди Осмонкулов, Аслан жана Актан Исабаевдер, Медер Токтогулов, Болот Малаев, Нургазы Сыдыгалиевдерди борбор шаарыбыздагы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасынан музыкага шыктуу жаштарын таап, алар менен такай иштеп, өзүнүн чыгармачылык изденүү жолунун алгачкы кадамдарын баштады.
Ал кездеги Советтер Союзундагы жашообузда чоң орун ээлеген комсомолдун ар бир чыгармачыл инсандардын алдына коюлган талаптарына ылайык Рафаил, саясий ырлар коллективин уюштуруп, аны «Аракет» деп атады. Адегенде республиканын алкагындагы, андан соң, республиканын атынан Союздун булуң-бурчтарындагы бардык ири иш чараларына, анын ичинде бүткүл дүйнөлүк 20-олимпиадалык оюндардын маданий программасын камтуудан баштап, союздук деңгээлдеги мерчемдүү бардык форумдарына өзүнүн чыгармачылык тобу менен активдүү катышты.
Союз тарап, ар бир республика өз бет алдынча, көз карандысызга ээ болуу менен Рафаилдин чыгармачылыгы токтоп калган жок, ал жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлдү. Башкасын айтпаганда да, ошол кезде Алматыда такай өткөрүлө баштаган «Азия даусы» дүйнөлүк кароо-фестиваль сынагына өзүнүн шакирттери менен такай катышып, ири ийгиликтергерге ээ болуп турду. Рафаилдин ички дүйнөсүндө такай жаңырып жүргөн элге белгилүү чыгармалардын кайрыктары, ыргактары — Атайдын «Эсимдеси», Мукан Рыскулбековдун «Келген жок» деген ырынын негизинде жаралган музыкалык фантазиясы, анын окуучусу Жылдыз Осмоналиеванын аткаруусунда баш байгеге татыктуу болсо, ал, чыгармаларды конкурстун жалпы талаптык деңгээлине татыктуу даярдагандыгы үчүн, конкурстун жүзү, ачылышы катары «за лучшую аранжировку музыкального конкурса Азия даусы» деген салмактуу, ардактуу байгенин ээси болду. Конкурстун калыстар тобунда Казахстандын белгилүү музыканттарынан тышкары Япония, Кытай, Россия, Германия ж.б. өлкөлөрдүн аттын кашкасындай белгилүү музыканттарынын бир добуштан кабыл алынган бул чечими, Рафаилдин көп жылдык талыкбас эмгегинин алгачкы карлыгачы эле.
Андан соң Рафаилдин тарбиялануучулары Витебскидеги «Славянский базар», Юрмала, Сочи шаарларындагы, Туркиядагы ж.б. конкурстарга ийгиликтүү катышышып, дайыма жемиштүү орундардын ээлери болуп келишти. Анын таалыкпас эмгеги «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмээр» наамы менен бааланса, анын шакирттери анын өзүнөн мурда эле, «Эмгек сиңиргена артист» деген ардактуу наамдарына ээ болушуп, үзүрлүү эмгектенип келишет. Башкасын айтпаганда да, Россиядагы белгилүү эстрадалык коллектив, анын башчысы, негизки аткаруучу-ырчысы Светлана Назаренко он үч жашынан баштап Рафаилдин колунда тарбияланып, анын канчалык дэңгээлдеги эмгектенүүсүнүн мисалы катары айтсак, жетиштүү болсо керек.
Рафаил Тагайбек уулунун эмгегин татыктуу баалаган, анын эмгеги аркылуу жалпы кыргыз элин барктап-баалаган окуучусу, шакирти жогорудагы коллективди «Город 312» атап, он беш жылдан ашык убакыттан бери музыкалык деңгээли боюнча дүйнөнү таң калтырган коллективдер менен тең катар ат салышып, Москва шаарында ийгиликтүү эмгектенүүсү, биздин замандашыбыздын, эмгекчил инсандын көп жылдан берки таалыкбас эмгеги, чынында эле, анын кыргыз музыкалык маданиятынын тулпары экенинин далили эмеспи.
Ошондуктанбы, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата анын эмгеги «Даңк» медалы менен белгилениши эч кимибизди таң калтырбады. Анын көп жылдык талыкбас эмгеги, андан да чоң сыйлыктарга татыктуу экени ырас, аманчылык болсо алар да болоор. Себеби, анын тарбыялаган, таптаган жаш күлүктөрү жыл сайын жаңы ийгиликтерди жаратышып, кыргыз маданиятын, көркөм өнөрүн дүйнөгө таратып жатышса, алардын ийгиликтерин көргөн, ошолордун ийгиликтери менен шыктанышкан элибиздин таланттуу уул-кыздары, бардык жанрлар боюнча омоктуу ийгиликтерге ээ болушууда. Демек, «мурунку көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат» деген элибиздин накыл сөзү туура экенинин, бекеринен айтылбасынын дагы бир далили.
Улуттук консерваториянын «Эстрадалык өнөр» кафедрасына үч мөөнөт шайланып жетектеген, «Кыргыз-Түрк Манас» университетинин доценти Рафаил Сарлыков маданий агартуу кызматкери деген квалификациясы, аспаптык билими менен, жогорку профессионалдык музыкалык билими бар өзүнүн кесиптештерине тең гана болбостон, алардан, өзүнүн чыгармачылык арышын кенен да, терең да коюп, жогорку деңгээлдеги устат экендигин далилдеп, эстрадалык вокалдык багытта тарбиялоочу, саяпкер болуу менен бирдикте улуу чыгармачыл инсан, эмгекчил, такай изденүүнүн үстүндөгү адам деген атын бийик алып жүрөт.
Чаба бер алга, кыргыздын чыгаан уулу Рафаил мырза Тагайбек уулу Сарлыков, күлүктөрдү таптап, жаңы жеңиштерди, ийгиликтерди жарата бер.
Сенин атаң, Тагайбек ага, отуз жылдан ашык элибизди даамдуу нан менен камсыз кылып, иштен чарчап келгенде колуна комузун алып Атайдын «Эсимдесин» кыңылдап ырдаганы, сенин эсиңде — улуу элдин, улуу мурасы катары сакталып, анын көрөңгөсү, жылдан жылга жаңы, жемиштүү чоң ийгиликтердин жаралышынын түрткүсү болгонуна биз такай сыймыктанабыз.

Журналист Айтыкул Ажы Ниязалиев

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын өкмөтүнүн ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан