- Күнөскана иштетүүгө кандайча кызыгып калдыңыздар?

- Күнөскана иштетебиз деген оюбузда деле жок болчу. Анын үстүнө мен талаа жумуштарында иштеп көргөн эмесмин. Буга чейин тигүү цехтеринде иштеп акча тапчумун. Төрөгөндөн кийин балага байланып иштегенге мүмкүнчүлүк болбой калды. Жолдошум болсо курулуш жаатында иштейт. Бирок баары бир жалгыз кишинин тапканы жетпейт экен. Ошондон улам кирешелүү жумуш кылсакпы деп ойлонуп жүргөнбүз. Бир күнү жолдошумдун достору "күнөскана иштетип байыбайсыңарбы?" деп сунуштап калышты. Алар бир топ жылдан бери иштетип пайдасын жакшы көрүп жатканын айтып бизди кызыктырышты. Ошондон кийин жол-жобосун сурап, алардын эмгегин көрүп толук маалымат алгандан кийин жумушту баштадык.

- Ишти эмнеден баштадыңыздар?

- Биз жумушту баштаган мезгил мурунку жылдын ноябрь айы болчу. Алгач 70 сотых жерди ижарага алып жумушту 200 миң сом менен баштаганбыз. Жердин ижара акысы да ушул сумманын ичинде эле. Алгач суроо-талап көп болгон бадыраң, помидор эктик. Бул талбаган эмгекти талап кылган майда жумуш экен. Алгач күнөсканага жашылчалардын уругун септик. Урук 25 күндө өнүп чыккандан кийин күнөсканага кылдаттык менен көчөттөрдү отургуздук. Мисалы, 70 сотых күнөсканага 30 миң түп бадыраң, помидордун көчөттөрү отургузулду. Башында иштете албай банкрот болуп калабызбы деп коркконбуз. Бирок адал эмгек менен иштесең, баары жакшы болот экен. Дароо эле ишибиз оңолуп, декабрь айынын орто ченинде биринчи түшүмдү ала баштадык.

- Эрте менен канчада жумушка чыгасыздар?

- Эртең мененки тамагыбызды ичип алып 9-10дордо үйдөн чыгып кетебиз. Күнөсканабыз үйүбүздөн 600 метр алыстыкта талаада жайгашкан. Эки кичинекей баламды өзүм менен жаныма алып алам да, кичүүсүн коляскага салып улуусуна каратып коюп ишимди кыла берем. Көпчүлүгү күнөсканага адамдарды жалдап иштетишет. Биз болсо акчаны үнөмдөп жолдошум экөөбүз эле кыбырап иштеп жатабыз. Чөбүнөн арылтып, түптөрүн жумшартып, бышкан түшүмдү терип, кыскасы, эртеден кечке ошол жерде болобуз. Мындан тышкары күнөскананын ортосуна орнотулган темир мешке күнүнө бир маал от жагабыз. Анткени температура 16 градустан 25 градуска чейинки жылуулукта кармалып турушу керек. Быйыл 7 тонна көмүр сарптадык.

- Жашылчаларды кайда өткөрөсүздөр?

- Жогоруда айтып кеткен жолдошумдун теңтуштары жашылча алган кардарларды таап беришкен. Алар бизден дүң баасында алып, үстүнө кошуп базарларга сатышат. Баасы ар кандай, күн ысыган сайын арзандай баштайт. Мисалы, декабрь айында алган түшүмдү 80-90 сомдон өткөрдүк. Эми күн жылыган сайын арзандап отуруп 25-30 сомго түшөт.

- Жайында эмне иш кыласыздар?

- Иштин көзүн билип калгандан кийин бизнес кылгандан коркпой калат экенсиң. Күнөсканага капустанын көчөтүн сээп койгонбуз. Июнь айынын башында күнөскананы жыйнап, ордуна капустанын көчөтүн эгебиз. Сыртка эгилген жашылчанын күнөсканадагыга салыштырмалуу түйшүгү аз болот экен. Мурунку күздө 70 сотых жерден 2 тонна капуста алганбыз. "Күзүндө арзан болуп өзүн актабай калат" дешкенинен жер алдына көмүп койгонбуз. Жаздын келиши менен сыртка алып чыктык. Капустаны бир кишиге эле дүң баасында берип салабыз. Арткандарын үйдөн сатабыз.

- Күнөскана иштетип байлык топтой алдыңыздарбы?

- Кудайга шүгүр, укмуш байып кетпесек дагы мурдагыга салыштырмалуу жакшы. Бул ишти баштагандан бери көп нерсеге жетиштик. Үйүбүздү оңдодук, керектүү буюмдарыбызды толуктап алдык. Кыскасы, баскан-турганыбызга кенен жетип жатат.

- Сиздерди көрүп кызыккандар барбы?

- Бизди көрүп бир топ кошуналарыбыз күнөскана кура башташты. Аларга кеп-кеңешибизди айтып жардамдашып турабыз. "Билинбей жүрүп кыйын ишкер болуп кеттиңер" деп тамашалап калышат.

Булак:Lady.kg