Улуттар арасындагы мамилелерге арналган маселелердин чагылдыруу жогорку деӊгээлге алынып чыгышы ыктымал. Бул тууралуу марттын ортосунда Орусянын президенти Владимир Путин өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге дайындаган. Тактап айтканда айтылган маселелерди чечүүчү атайын органдын керектиги тууралуу айткан. Бул суроолорду чечиш үчүн жоюлуп кеткен регионалдык өнүгүү министрлигинин ордуна улуттар маселелери боюнча федералдык агенттигинин ачылышы зарылдыгы жөнүндө билдирген президент. Учурда этноконфессионалдык маселелери  министрликти жойгондон кийин маданият миинстрлигинине жолдонгон. Ал бөлумдү м вице-премьер-министр орун басары Александр Хлопонин өз көзөмөлүнө алган. Бул тууралуу Россия сегодня билдирет.          

Буга түздөн-түз тиешелүү Орусиянын президентинин алдындагы орус тили жана улуттар арасындагы суроолор боюнча атайын кеӊешинин өткөрүү датасы белгисиз, бирок жакын арада сөзсүз каралат. Бул туурадуу президенттин басма-сөз кызматынын жетекчиси Дмитрий Песков билдирген.   

Жогоруда айтылган суроолор бобюнча эки кеӊеш Черкесск шаарында 6 февралда өткөрүлмөк, бирок чогулуш Ангела Меркель менен Франсуа Олланддын Москвага визити үчүн токтотулган.    

Анын кайсы убакта өткөрүлүшү белгисиз, бирок  бул кеӊештер сөзсүз ишке ашырылат, - деген Песков.