2014-жыл жалаӊ Орусия үчүн санкцияга түшүмдүү болбостон Батыш өлкөлөрүн да козгой кеткени белгилүү. АКШ жана ЕСке жооп кайтаруу катарында Орусия  ал тараптан азык-түлүк импортун  чектеп койгон. Айтылган чектөө тизмесине  ичимдик продукция кирип, Крымдын шарап чыгарган ишканаларына Батыш тыюулары  крымдыктарды тынчсыздандырган. Себеби,  Орусия  өз кардарларын өздүк продукциясы менен камсыз кылмакчы болот. Орусия бул чараларды ЕАЭС аймагындагы алкоголь тармагын жакшыртуу максатында да көргөн. Бирок бүгүн арак-шараптардын баасы тилекке каршы Жаӊы жылга жакындаган сайын 18% жогорулап, январь айынан баштап дагы 20-30% кымбаттоосу күтүлөт.  Бул жагдай акциздин баасы эски бойдон калгандан кийинкиси.

Чет өлкөлүк импортерлор Орусияга жөнөткөн импорттун көлөмү  20%

кыскарганы тууралуу маалымдашат, бирок Орусиянын рыногун кайра ээлеп калуудан  чет өлкөлүктөр үмүтүн үзбөйт.  

«Mistral» & Крым шарабы    

Коомдук палатанын социалдык көмөктөшүү комиссиясынын жетекчиси Владимир Слепак шарап санкциясын колдоп чыккан. Себеби бул чара жергиликтүү базар абалына  оӊ таасир этип, орусиялыктардын «базар» кызыкчылыгын жактамак.        Анын айтымында, арак-шарапка тийиштүү «жооп санкциялар»  Крым шарап ишканаларынын өндүрүштүк көлөмүнө күч бериши керек. Айтылган продукциясына теӊеле турган өлкөлөрдүн саны жетиштүү - мисалы, Латин Америкасы»-деген Слепак.   Бул жылдын ноябрь айында Париж  «Мистраль» вертолетторун РФна тапшырбастыгы белгилүү болгондон соӊ, Орусиянын коргоо министрлигинин биринчи орун басары Юрий Борисов  француздар менен соттошууну туура көрөт. «Эгер Мистралдарды бербесе, биз аларды сотко беребиз»-деген Борисов.  Бирок, абалды ыӊгайлаштыруу олун издеген Мамлекеттик думанын депутаттары француз шараптарын киргизбөөсүн сунуштайт.  

РФна  каттаган шарап импортунун18,82% дүӊү Францияга таандык болуп келген. Анын үстүнө Эски Европанын дүйнөгө таанылган шараптарынан ким баш тартсын? Ага карабастан Шарап чыгаруучулардын кеӊешинин төрагасы Леонид Попов Европанын ордуна Чили, Аргентина, Жаӊы Зеландиянын продукциясын киргизүүсүн сунуш кылат.    

 

Эски шериктештерден айрылуу оор, бирок айла жок

Үстүдө айтылган тартыштар уланып келатаканы менен, шарап  европалык импортерлору Орусия аймагында  импорт кыркаганына карабай өзүн ээн-эркин сезет. Федералдык бажы кызматынын маалвматы боюнча 2014 жылдын биринчи жарым жылдыгында чет өлкөлүк шарап продукциясы 39,5% түзгөн. Ал мөөнөттүн ичинде  Орусияга 11,1 млн бөтөлкө келген.

Экинчи орунду Италия  (14,91%) ээлеп, Испания 14,85% түзөт. Чили,Аргентина, Австралия, Жаӊы Зеландия, ЮАР олкөлөрүнүн тизмегинде Чили (5,1%) биринчи орунда турат.   

Орус импортерлор бул жагдайга байланыштуу кыйынчылыктарды көрүп жатканын жашырбайт, бирок келечекте жагдай оӊолуп кетээрине тереӊ ишенишет.

Winery Hall ишканасынын өкүлү Анна Данилова - Кариньяно дель Сульчис шарабын Орусияга жөнөтүүнү жетектейт. Айтылган итаяли лык маркадагы шараптын Орусияга келген көлөмү кыскарды дейт. Бирок анын кыскаруусу калктын талабын актабай калган дейт Данилова. Себеби жергиликтүү калк ал шараптын маркасын өтө барктайт жана күтөт.  

Москвада дегустацияларды өткөргөн сомелье Иван Гущин, «орусиянын шарап рыногу дүйнө жүзү боюнча эӊ чоӊ жана тез өнүгөт» -дейт.

Гущиндин сөзүндө 2013 жылы Орусияда 91,2 млн дал (1 дал- 10 литр) шарабы сатылган.

Учурда Италиянын чарба продукциясына санкция киргизилген эмес, бирок

Италиятык импортерлор санкцияларды туура көрбөйт себеби анын зыяны көп:

«Санкция бул  жаӊылыштык, ал чоӊ  жоготууларга алып барат» -дейт Себастьянно Росса, Agricola Punica компаниясынын өкүлү.

Чет өлкөлүк импортерлор Орусия рыногуна бүгүн да үмүтүн үзбөйт.

 

Ошол эле убакытта...

 

Орусиянын арак-шарап рыногу келе жаткан 2015 жылы санкцияларга карабай өсөт, деп эксперттер ойлойт. Анын дүӊү келаткан жалды 20-30% өсүшү ыктымал.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрдөн алкоголду киргизүү боюнча санкцияларды  жарыялоону туура көргөн мыйзам чыгаруучу саясатчылар рыноктун талабын далилдеген серепчилер  менен ою келишпеси мүмкүн.  

3 декабрда өкмөттүн кезетктеги алкоголь продукциясы боюнча  кызыкчылыктарды жактоочу  «жол картасын»  түзүүнү сунуштаган.

Ал «жол картанын» негизги максаты - калктын алкоголду колдонуу жагдайын ыӊгайлаштыруу.

Вице-премьер Александр Хлопонин белгилеп кеткендей, мамлекеттик саясатынын концепциясына тууралуу 2020 жылга чейин калктын алкоголду талап кылышы 55% кыскарышы ыктымал. Бирок ал Европа шараптарынын орус рыногунан толугу менен жок болуп кетишин билдирбейт, андыктан окурмандар Жаӊы жылды адаттагыдай  Совет шампан менен чет өлкөлүк шарап менен тосуп алышын каалайбыз!