Бүгүн Кыргызстанда  «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттигинин Sputnik аттуу мультимедиалык долбоору  расмий түрдө ачылды. Анын  маалымат мазмуну кеӊири  мультимедиалык жабдыктар: инфографика, видео, окуя өткөн жерден сүрөттөр, онлайн-оболор, интернет-сурамжылоо  сыяктуу ыкмалар аркылуу чагылдырылат. Жакын арада Sputnik.kg  хабынын эки тилдеги (кыргызча, орусча) мобилдик тиркемеси жарык көрөт.  

Учурда орусиялык долбоордун биринчи ирет максаты - эки тилдеги радиоберүүлөрдү уюштуруу. Sputnik.kg республикадагы болуп жаткан окуяларга тереӊ көӊүл буруп - саясий, маданий, социалдык, экономикалык тармактарды объективдүү түрдө чагылдырат. Бул тууралуу Sputnik.kg долбоорунун Кыргызстандагы жетекчиси Елена Череменина да айтып кетет: «Биздин ишибиздин эн негизги эрежеси жана максаты - маалыматты туура жана объективдүү камтып берүү. Кыргызстан - бул келечектүү жана көп нерсеге мүмкүнчүлүгү зор өлкө экендиги тууралуу биз албетте дуйнө жүзүнө билдиргибиз келет».   Анын айтымында, Кыргызстан жакында Бажы биримдигине кирүүгө аттанып жатат, бул көрүнүш өлкөнүн алдында турган экономикалык жагдайды түзөп, бир топ жетишкендиктерге алып келиши ыктымал»-деген Череменина. «Sputnik Кыргызстан» өзүнүн окурмандарына тез жанылыктардан ташкары серептик-иликтөөчү макалаларды, эксклюзивдик маектерди, эксперттердин ой-пикирлерин тартуулайт. Sputnik мульмедиалык тобу - он чакты өлкөдөгү орун алган заманбап жабдылган чет өлкөлүк аудиторияга багыт алган  маалыматтык бренд.

Анын  маалымат саясаты сапаттуулук жана кабарчылардын жогорку деӊгээлдеги чебердүүлүгү аркылуу камтылат.