Кечээ Москва шаарынын Орозо туткан жашоочуларынын урматына арналган «Рамадан чатыры» аттуу салтанаттуу иш-чара «Поклонная гора» аттуу мемориалдык жергесинде башталган. Ал жыл сайын өткөрүлүп, анын ар бир күнүн мусулман мамлекеттердин өкүлдөрү өткөрүшөт. «Чатырдын» ачылышына аддатагыдай аттуу-баштуу кишилер катышууда. Бул ирет  ага «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттигинин жетекчиси - генералдык мүдүрү Дмитрий Киселев катышкан. «Рамадан чатырына» жалаӊ мусулмандык чөйрөсүндөгү  диний ишкерлер эмес, башка дин жана конфессияларынын, федералдык жана борбордук бийлик   өкүлдөрү катышат.  

Дмитрий Киселев сөз алганда бул иш чарага чакырууну алганда толкунданууга дуушар болгонун, жана мусулманчылыкка өзүнүн тегинин тиешеси бар жөнүндө айткан.

Анын айтымында чоӊ-энесинин атасы 1855-жылы Севастополь шаарын душмандан коргоп ал жактан өзүнө колукту таап келген. Анын каны крым-татар деп айткан Киселев. Анын үстүнө атасы да ислам динине сый-урматоо менен мамиле кылган, деп генералдык мүдүр айтты.

«Мен өзүм православдык христианин болсом да исламды тереӊ урматтайм, ал дин Орусияда тереӊ орун алган» -деди «чатырдын» ардактуу мейманы.  Сөздү улап Киселев Орусиянын тарыхында биринчи жолу «Орусия баардыгы үчүн» аттуу маалыматтык долбоорунун чыккандыгы жөнүндө белгилеп, анын ачылышына  абдан кубанычтуу экенин айткан.

«Биздин мамлекетте Орусияда диний согуш жана келишпестиктер эч качан орун алган эмес, бул нерсе башка өлкө жана цивилизациялар үчүн үлгү болсун. Биздин мамлекеттик ислам биздин маданиятыбыздын сыймыгы, бирок аны туура элге жеткизүү биздин жалпыбыздын максаты»-деген «Россия сегодня»  агенттигинин мүдүрү.   

Православ чиркөөсүнүн синод бөлүм башчысынын орун басары  Роман Багдасаров: «Рамадан чатыры» - бирдик, тынчтык, бири-бирин урматтоонун чатыры  экендигин айткан.

Еврей диний конгрессинин жетекчиси Зиновий Коган «биздин мусулмандар бир күн орозо тутаар менен Москвага жай кайтып келди»-деп акыркы күндөрү борбордун аба-ырайы жөнүндө тамаша кылды. «Бул ыйык күндөр Новороссияга да тынчтык алып келээрине ишенем»-деп Коган өз оюн билдирген.

 «Рамадан чатыры» 1 июлдан 27 июлга чейин ачык экендигин уюштуруучулар билдирген.  Ага башка диндеги  жашоочулар да катыша алаары жөнүндө да белгилеп кетишкен.

«Радаман чатырынын» уюштуруучулары тогуз жылдын ичинде биринчи жолу  отуз күн бою ачык тураарын билдиришкен.