-Бул мүмкүнчүлүк менен пайдаланып кесиптештеримди төмөнкү кабар боюнча маалымдоого шашылам- мен Крым аймагынын крымдык татарларынын калкын, армян,немис жана грек улутундагы жашоочуларды тууралуу реабилитациялоо  буйругун чыгардым,-деген бүгүн Орусиянын башчысы Владимир Путин.

Бул буйрукта аймактын социал-экономикалык маселелерди чечүүчү чечимдер кабыл алгандыгы жөнүндө айткан Путин. Анын айтымында, бул жылдары аймактын тагдыры четке кагылып калган жана өнүккөн эмес. 

Бул жарым аралдан крым татарлары 1944-жылы Мамлекеттик коргоо комитетинин чечими менен айдалып чыгып,Ɵзбекстан ССРнын жергесине зорго салынып көчүрүлгөн. НКВД аскердик күчтөрү аркылуу крым татарларынын айдоо «аземи» 1944-жылынын 18-20 майда өткөрүлгөн.

Жалпы сан менен Крым жарым аралынан 191 миӊ 14 киши сүрүлүп чыгарылган.

1989-жылынын 14 ноябрында СССРдин Жогорку Кеӊешинин чечими менен

«Зордой айдалып чыккан калктарга каршы көрсөтүлгөн чараларды мобнга алуу» боюнча атайын Декларация чыккан. Анын аркасы менен миӊдеген татарлар Крымга кайтып башташкан. Бирок кайткан татар калкы жумушсуздук, жер бөлүп берүү жана инфраструктураны өнүктүрүү туурасында көп азап чеккен,- деп Орусиянын башчысы белгилеп кеткен.