Украинанын мурунку вице-премьер-министри Сергей Арбузов атйын журналисттерди коргоочу борбор ачууга даярданып жаткандыгын РИА Новости билдирет. Анда саясатчы кабарчыларга маткериалдыык жана укуктук жагынан колдоо көрсөтөөрүн билдирген. Айрыкча, бийлик тарабынан жана радикалдык багытка өнүгүп жаткан саясий топтордун тарабынан кысымга алынган массалык маалыматтык каражаттарынын өкүлдөрүн коргоого ала турган чараларды Арбузов толугу менен камтуу даяр экендигин айткан.  Бул долбоорду ачууга, Александр Пантелеймоновго «Свобода» фракциясынын өкүлдөрү тарабынан кол салуусу түрткү болгон. Фракциянын ичинен - Игорь Мирошниченко, Богдан Бенюк, Андрей Ильенко аттуу депутаттар окуянын негизги каармандары Пантелеймоновду күчкө салып олтургучка олтургузуп сабашкан. «Депутаттык кол тийгизбөө статусун колдонуп мындай өзүн алып жүрүү жана ошол эле убакта ири телекомпаниясынын жетекчисине кол салуусу Пантелеймоновду аргасыздан кетүү арызын жазууга алып барган»-деп Арбузов билдирди.  Саясатчынын айтымында, мындай окуялардын демократиялык коомдо орун алышы, аны дискредитациялоонун белгиси, Улуттук телекомпаниянын кыймыл-аракеттерине жалгыз Украинанын министрлер кабинети баа бере алат.

Телерадионун жетекчисине кол салуу боюнча окуя - айсбергин чокусу -ал өлкөдөгү болуп жаткан баш-аламанды тунук көргөзгөн күзгүсү,-деп айткан Арбузов. Акыркы убакытта Украинанны ар кайсы бурчтарында бийликтин атынан белгисиз адмдар ушул сыяктуу көптөгөн кылмыштарды жасоодо, ошого байланыштуу журналисттерди колдоо борборун ачылуусун мен жарыялайм.

«Массалык маалыматтык каржаттарынны өкүдөрүнүн укугун коргоо -бул өнүккөн өлкөнүн жана граждандык коомунун биринчи белгилери,аны эстен чыгарбашыбыз керек»-деп Арбузов айткан.