СНГ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн Башкы редакторлор клубу (БРК) эки жыл мурун ачылып айтылган аймактардын тегерегинде ар-кыл маселелерди чагылдырып келет.  Бул саам  БРК Иерусалимге карай жол тартып, үстүбүздөгү жылдын  февраль айында кезетеги сессиясын өткөргөн. Айтылган клубдун медиабашкаруучулары Израилдин өкмөтүнөн жана жергиликтүү басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн эмне талап кылат жана бул уюмдун жалпы макасаттары жөнүндө   клубдун координатору  Захар Виноградов РИА Новостинин кабарчысы менен маектешкен:

 Бул жолу БРК клубу Израилди  эмне себептен тандаган?

- Бул суроого жооп берүү оӊой да ошол эле убакта татаал. Оӊой дегенимдин себеби- бул жерде СНГ өлкөлөрүнөн чыккан кишилер көп. Ал Грузия, Орто Азия,Армения, Украинадан, Орусиядан эмиграцияга келген. Андай «биздин кишилердин» көпчүлүгү  бүгүн Израилден оз оордун таап кеткен  кадыр-баркка жеткен адамдар. Алар  убагында турмушту жаӊыдан куруп, жаны жашоого көнүп калышкан, бирок эски туулуп өскөн мамлекетинде туугандары, жоро-жолдоштору калган. Бул жерде жашаган  мурунку «советтик» еврейлердин мурунку жашоосунан калган көптөгөн эскерүүлөрү  ностальгияны сөзсүз  туудурат. Булардын бүгүнкү жашоосун байкоо, булар менен  баарлашуу өтө кызыктуу нерсе.  

-Бул жердин жашоочуларынан кандай сабак алып эмнеге үйрөнүүгө болот?

-Израилдин негизги өзгөчөлүгү - мамлекеттин жаш болгонунда. Еврейлерди байыркы тарыхы даназалап келгени менен, алардын мамлекетин байыркы деп эсептеген болбойт Ага карабастан  бутка туруп,экономикалыр зор өнүгүүлөргө ээ болгону жөнөкөй адамды кызыктара арбай койбойт. Байкаштырып көрсөк, биздин клубдун медиаменеджерлери ошондой сыяктуу эле жаш мамлекеттердин өкүлдөрү. Булар кандай шарттарда бутка туруп кеткен, ушундай сыяктуу суроолорду менимче баардыгы үчүн кызыктуу.  

Андан тышкары Израилдин экономикасы өзүнүн элине кызмат көрсөтпөстөн, дүйнө жүзүндөгү үлгүлүү мамлекеттердин бири болуп эсептелинет. Израилдин суверендик олколөр менен байланышы биздин  7-сессиянын негизги темаларынын бири.

-Клубдун жетинчи сессиясы Израилде өтүп жатат, мурунку сессиялар кайсы өлкөлөрдө өттү?

-Эки жылдын ичинде Украина, Кыргызстан, Белоруссия,Армения,Ладвияда өткөн. Жакында Чыгыш европа менен азия мейцкиндигине чыгуу жөнүндө суйлөшүүлөр өтүүдө.

- Клубдун жакын арада кандай пландары бар?  

- Тактап айткандан бираз тартынасыӊ, себеби баардыгы буйруктан болот. Бирок биздин клуб менен бийлик кызыгууда.  Азырынча сөз эркиндиги тууралуу коп талкуулар болууда.