Москва 20 туристтик борбордун ичинде жалгыз Жаӊы жылдык турпакеттердин баасын төмөндөткөн.Бул маалымат  Hotellook аттуу мейманканалар поратлында чыккан. Бул жөнүндө Сергей Шпилько билдирген.

Андан башка, москвалыктар жана борбордун меймандардын көңүлүн ачуучу кызыктуу оюн-зоок программа даярдалууда. «Жалпысы менен, бир жарым миңден ашык көңүл ачуучу майрамдык чаралар корүлөт,-деген Шпилько. 25 декабрда Улуу Устюгдан келе турган Аяз-атаны тосуп алуу аземи эң маанилүү чаралардын бири,-деген Москомтуризмдин башчысы. 20 декабрдан 15 январга чейин 21 жаңы жылдык жарманкелер иштеп,балдар үчүн бир жарым миң муз майданы жана 217 лыжа аянттары ачылат.Андан тышкары био топ кар уруу,кар гольфу жана боулинг боюнча таймашуулар өтөт.