Москва шаарынын мейманканалары жаңы жылдык туристтер үчүн бир топ «таң калтыраарлык» арзандатууларды сунуштаганга даяр. Бул жөнүндө бейшембиде РИА Новостиде Москва шаарынын туризм жана мейманканадар чарбачылыгынын депараментинин жетекчиси расмий билдирген.

«Бул чаралар алгач октябрь айында башталып,Москванын мейманканаларына атайын каттар жөнөтүлгөн. Алар биздин өтүнүчүбүздү четке какпай, жаңы жылдык арзандатуулар жонундө сунушту кабыл алышты. Хостел (арзан мейманкана-ред.) мурун бир күн үчүн 500 рублдин тегерегинде каражат талап кылса, азыр 400 рубльга түшкөн. Эки жылдыздык мейманкана- 760 рубльден башталса,үч жылдыз- 1350 р. башталат. Төрт -1,5 миң жана беш жылдыз мейманканасынын баасы -мелүүн 2,6 рубльди түзүшү күтүлүүдө. Бул арзандатуулардын белгиси,-деген департаменттин жетекчиси.

Бир топ мейманканаларда арзандатуулар 50% түзөт,-деди Сергей Шпилько.