200 миңге жакын орусиялык жана чет өлкөлүк туристтер Москваны көздөй жаңы жылдык эс алууга жөнөшөт. Бул тууралуу бейшембиде Москва шаарынын туризм жана мейманканалар чарбасы бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Шпилько РИА Новостиден билдирген.

Ал Орусиянын аймагы боюнча Москвага тур саткан агенттиктердин саны Жаңы жылга карата 45% көбөйгөнү жөнүндө билдирген.

Орусиянын ири аймактарынан, өзгөчө Самара,Екатеринбург, Нижний Новгород сыяктуу шаарлардан ар бир бешинчи тур-сатуучу Москвага саякат кылууну сунуштайт. Анын үстүнө туристтерди өзгөчө кызыктырган Санкт-Петербургдагы турларды Москвага зыярат менен коштоп турушат,себеби Москва туристтер үчүн абдан кызыктуу,-деди Шпилько.