Үстүбүздөгү жылдын 18 ноябрында РИА «Новости» агенттигинде «Орусия экономикасынын экологиялык жөндөмжүүлүгү» аттуу келерки айдагы 2-4 декабрда өтө турган IV Съездге арналган пресс-конференция өткөн. Ага Экология жана жаратылыш ресурстар боюнча министртилигини башчысы  Сергей Донской, анын орун басары Ринат Гизатулин жана  жаратылышты туура колдонуу жана сактоо департаментинин жетекчиси Антон Кульбачевский катышкан. Брифингди Орусиянын Экология жана жаратылыш коргоо министрлигинин  Коомдук кеӊешинин төрагасы Николай Касимов алып баган. Баштапкы сөздү  министр Сергей Донской алып, Айлана-чөйрөнү сактоо жылдыгынын өткөрүлүүсүнүн негизги максаты -калктын көӊүлүн буруу. «Ал чарага 5 миллион адам катышкан, бир жылдын ичинде 80 иш-чара өткөрүлгөн»-деп айтты Донской.  Анын орун басары Ринат Гизатулин Биринчи жаштар экология форумунун IV съездинин алкагында өтөөрү  жөнүндө сөз козгоп кетти.

«Орусияда көптөгөн жаштар уюмдары бар, алардын ыктыярчылары да көп, экология маселеси менен алектенген бир топ уюмдар бөлүмү бар, ошолор менен баарлашып, съездге чакырдык.  Алар чогулуп Орусиянын экологиясына салым кошго турган аракеттерди көрсөтсө биз колдойбуз»-деген Гизатулин. Жаштар форуму 4-декабрда өтөт.

Келээрки илимий-практикалык конференциясында ким катышаарын Жаратылышты колдонуу жана сактоо департаментинин жетекчиси Антон Кульбачевский Москва шаарынан 220 киши катышаарын айтты. Мурдаыг откөн съездде биз кырктан ашыруун суроолордун тизмегин түздүк, келе жаткан конференцияда алар каралаары жөнүндө айтты.

Кульбачевскийдин айтымында, Москва шаары жана Москва областында полигондордун абалын жакшыртыш үчүн, ал полигондорду расмий түрдө уруксат алган ээлери өз ара канлдайдыр бир фондду түзүүсү ыктымал экенин айткан.

«Москва полигондор  маселесин чечүүгө акча-каражаттар каралган.

Дмитровский полигонго 2 млрд рубль каралса, дагы бир ошондой эле полигонго  мамлекеттик казынадан 3 млрд рубль каралга»-деген Кульбачевский.