Шанхай биргелешип иштешүү саммитин өткөрүү кезеги Бишкекке келди. Ал кезек үстүбүздөгү жылдын  сентябрь айында Бишкекке Пекин келет. Учурдагы саммиттин өзгөчөлүктөрү жөнүндө КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков РИА Новостинин кабарчысы менен маектешти:

 

- Учурда Кыргызстан  ШОСтун төрагасы болуп дайындалууда, буга байланыштуу сиздин өлкөнүн кандай милдеттери бар?                        

- Акыркы жолу Пекиндеги өткөрүлгөн  саммиттен кийин көптөгөн маселелер   ишке ашырылды. Анын ичинен бул уюмдун авторитетин ар кандай денгээлде бекемдетүү чаралары, ШОСтун катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы болгон макулдашуулар ишке ашырылган. Айтып кетчү нерсе, Бишкек ШОСтун катышуучуларын тосуу боюнча тажрыйбасы бар, 2007-жылы Орусия, Казакстан, Ɵзбекстан, Тажикстандын өлкө башчылары  саммитте жоолугушкан. 2013-жылга карай Шанхай саммитинин бир топ алдыга жылган аракеттерин көрсөтүүдө -  айрыкча, Бишкекте илим  техника боюнча бир топ келишимдерге келүүсү күтүлүүдө.    

Шериктеш мамлекеттердин саны көбөйүүдө, алар - Шри-Ланка, Беларусь, Түркия.  Ошол  саммиттин байкоочусу катары  Афганистан  дайындалды. Шанхай саммитинин БУУ менен  иштешүү даярдыгын билдирген кадамдар да болду.

Бул саам Бишкекке жогорку деӊгээлдеги чоӊ мансаптуу кишилердин келиши күтүлүүдө.   

Кыргыздардын багына саммиттин тарыхында биринчи жолу, Бишкекте бир эле убакта уюмдун эки органынын - жыйыны өтө. Бул өкмөт башчыларынын кенеши жана өлкө башчыларынын кеӊеши. Албетте, буга байланыштуу жоопкерчилик да жогорулоодо.

 

- Бул кезек Бишкектеги келээрки саммитте геополитикалык, Чыгыштагы болгон окуялар, Иран ядердик мселеси жана БУУнун реформасы  кеӊири талкуулага  деп жатат.

Кыргызстан бул суроолор боюнча өзгөчө ой-пикири барбы, же коӊшулаш өлкөлордүн позициясын колдойсузбу?

 

-Жогоруда айтылган маселелер бизди албедде тынчсыздандырбай койбойт, өзгөчө Ыраакы жана Жакынкы Чыгыш, Ирак, Сирия Египеттеги жагдай биз үчүн маанилүү жана таасирлүү. Буга байланыштуу биз шериктеш малекеттердин ой-пикирин тыӊшап турабыз, байкап көрсөк көп жерден ой-пикирибиз бирдей чыгып жатат.  

 

- Саммитте кайсы  маселелер эӊ маанилүү болуп талкууланат?   

 

 

- Бүгүнкү күнү коопсуздук жөнүндө көп айтылат. 2014 -жылы Афганистандагы аскердик күчтөрдү чыгаруу жөнүндө талкуулар болот. Терроризм, экстремизм, сепаратизм, банги зат жана курал-жарактарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүүлөр, чек аралык кылмыштуулукка арналган темалар чагылдырылат. Бишкектеги өткөрүлөт турган саммит,  өз салымын кошуп кетет деген ойдомун. Андан тышкары Шанхай саммитинин өнүгүүсү жөнүндө  пикир алмашуулар өтөт.  

        

- Акыркы убакта  ШОСтун иши ойдогудай эффективдүү эмес деген ой-пикирер да угулуп калат. Ага каршы аргумент келитре аласызбы?

 

-Мунун баарын иш жүзүндө карап көрсөк, ШОС тез өнүгүп жаткан эл аралык уюм. Ага бир кыйла өлкөлөр кызыкчылыгын билдирии келатат. Мисалы Иран, Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөрдү айтсак болот. ШОС менен Түркия иштешүүнү баштады, биринчи жолу Ирандын президенти ШОС саммитине катышат. Хассан Роухани эӊ биринчи чет өлкөлүк  расмий сапарын Кыргызстандан баштаганы көӊүл бура бурган нерсе. Ал Бишкектен Путин менен расмий жоолугат. Мындай чаралардын өтүп жатканы уюмдун эффективдүү эместигин далилдебейт.

- Мындан бираз мурда Кытайдын Мамалекеттик Кеӊешинин премьер-министри  Вэнь Цзябао «ШОСко соода-экономикалык  тармагында жаӊы программаны өнүктүрүү керек» - деп айткан, ал жактан кандай жылыш бар?

 

- Уюмдун катышуучуларынын окшош ой-пикирлери көп кездешет. Ɵзгөчө  бирдей кызыкчылыктар жактаганы келгенде бирдей ойдо болууда.

 

Ɵткөн жылдын декабрь айында Бишкекте  ШОСтун өкмөт башчыларынын кеӊешинин жыйынын өткөндө экономикалык тармак боюнча бир топ маселелер талкууга алынган. Ага байланыштуу 2016 -жылга чейинки иш - чаралар каралган.

Учурда ШОСко кирген өлкөлөр ШОСтун долбоорлорунун каржылоо маселесин кароодо.  Биринчи ирет, Шанхай саммитинин жеке банкын жана фондун ачуу жөнүндө кеп болуп жатат. Керектүү долбоорлорду  ошол каражаттар аркылуу ишке ашырылат. Бул да маселе көтөрүлүп чыгат.

 

- Бүгүн эксперттер  Кыргызстандын  орусия менен Кытайдын ортосундагы өзгөчө татаал абалы жөнүндө көп сөз козгошот. Бул жактан  республиканын «ал - кыбалы» кандай?

-Биз Орусия менен да Кытай менен да бирге  ар тармакта тыгыз байланыштабыз. Эки өлкө теӊ келээрки саммитти уюштурууда чоӊ колдоо көрсөтүп жатат.

Бирок, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жонүндө айтып кетсепк, бул өзгөчө сөзгө татыйт.Себеби биздин тарыхый байланышыбыз зор. Ортобузда маданий -гуманитардык, жалпы маалыматтык мейкиндик байланыштырып турат. Биздин шериктештик стратегиялык мааниде биргелешкен.

Кыргызстандын  турмушундагы Орусиянын стратегилык ролунун маанисин биз эзелтеден бери билебиз. Биз үчүн жаӊылык эмес.  

 

Маектешкен Асель Оторбаева