Так айтканда, СССРдин мурунку жарандарынын санына чыккан бүгүнкү чет өлкөлүк жарандар дана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгы жөнүндө кеп сүрүлдү. Аткаруу  жана мыйзам чыгаруучубийлигинин сунушунда аларга чектелген сандагы убактылуу жашоого болгон мөөнөттү узартуу,

СССРдин мурунку жарандарына ФМСтин пикири боюнча, РФтын жарандыгын алганды каалабагандарга көп жылга создурбай жашоого уруксатты  («вид на жительство») берилүү тийиш.

Владимир Плигин-Мамлекеттик Думанын конституциялык мыйзам чыгаруу жана мамкурулуш комитетинин төрагасы Кеӊешке Орусиянын аймагында 850 ашык улуттардын жашагандыгы жонүндө эскертти.

«Биз кайрылмандарды кайтаруу программасынын жеӊилдетүү саясатын жургүзүп жатабыз»  -деди ал.

ФМСтин жетекчисинин орун басары Анатголий Фоменко мекеменин өлкөдөгү улуттук диаспоралар менен  жакындашуу чараларын корүп жаткандыгын белгиледи. Анын сөзүндө 1000 ашыруун диаспоралар менен иштешүү максатында иштер жүргузүлүүдө.

Укук коргоочулар, РФнын жарандыгын берүү боюнча беш жылдык жазаны жокко чыгаруу керек дешүүдө.

Жогоруда айтылган Кеӊеште  жарандыкты жоюу Конвенциясына кирүү жөнүндө Тышкы иштер министрилигине сунуш кылды.

ФМСтин жарандык боюнча бөлумүнүн башчысы Валентина Казакова Кеӊештин өкүлдөрүнө катачылык менен жарандыктан ажырагандарга кайра кайтарып берүүнү сунуштады.

2007-жылдан баштап 70 миӊге жакын адамдардын жарандыгы жараксыз болуп чыккан. «Беш жылдын ичинде 35 миӊ адам РФнын жарандыгын жеӊилдетилген турдө алган».

«Бизге кайрылган ар бир адамдын тагдыры биз үчүн маанилүү»-деди Казакова.

Сергей Ягодиндин сөзүндө, жарандык алуу ишинде мындай арыздар жылдын октябрь айынан баштап эки эсе азайган. Ал жагдай «Жарандык жөнүндө» мыйзамдын  чыгуусуна байланыштуу. 

Владимир Плигин айтандай, февралдан баштап ал мыйзамдын  пайдалуулугу жөнүндө мониторинг башталат деди.

Болот Мукашев, РФгы КРнын  Элчиликтин кеӊешчиси

- Кыргызстанда жуп жарандык  жөнүндө мыйзамдар каралганбы?

-Башмыйзамда каралган. Бирок кандайдыр бир өлкө менен келишим түзүү болсо ишке ашырылат. Орусияга караштуу Жогорку Кеӊеште бул маселе 10 жылдан бери талкууланып демилгелер көтөрүлуп келатат. Бирок Орусиядан жооп катары демилге жок. Ɵлкөнүн ичинде тынбай талкуулар өтүп жатканын менен эки өлкөнүн арасында эч кандай жылыш жок.

РФнын конституциясында так ошондой мыйзам бар, бирок эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин болушу керек. Ошол пунктка таянып жазылган. Бирок Кыргызстанга караштуу жылыштар боло элек. Аны түшүнсө болот,себеби пенсия,аскерге алуу жана башка нерселерге байланыштуу.

Ошол эле убакта Орусия жарандыгын жеӊилдетилген түрдө берүү жөнүдө келишим 15 жылга жакын иштеди.

2011-жылда ал жоюлган.

Жалпысынан 1996-2012-жылга чейин    370 миӊ кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алган.

Жарандыкты жеӊилдетип берүү келишими 2011-жылы жоюлгандан кийин эмне озгорүүлор болду?

-Каалоочулардын саны кескин түрдө азая баштады, бирок жалпы мигранттардын санын албетте азайткан жок. Жарансыз,же документсиз мигранттарды жумушка алуу жазалары Москвада өзгөчө күчөп жатат. Ал көзгө урунат. Колунан бир топ келген жаш балдар айла жок көчө шыпырууга мажбур болду,себеби документсиз оной менен жумушка алышпайт. Заман өзгөрүлүп баратат.

Мурункудай жеӊилдетилген жарандыкты берүү  биздин мекендештергекөм маселени чечип берчү эле.

Марклен Конурбаев, МГУнун окутуучусу, Кыргызстандын мурунку жараны,Москвада 25 жылдан бери жашайт

-Жуп жарандык эӊ жакшы нерсе бирок мен аны мактаардын мурун, эки жакты ойлонууга чакырат элем.

Биринчиден андай мыйзам Орусия менен чыкса калктын 100% Орусиянын жарандыгын алып баштайт. Ошондо Москванын айлыгын алып Ысык-Көлдө тоскоолсуз өзүнүн  атына ала алышат. Бирок,  анда Кыргызстанда жумушчулар калбай калышы мүмкүн.

Кемчилиги - Кыргызстандын экономикалык потенциалы бар. Аны ачыш керек. Бүгүнкү күнү жумуш орундарын ачууда бир топ чоӊ долбоор ачса болот. Мисалы өкмөт краутсорсинг компаниясын чакырып бул мачселени койсо,бир топ нерсени чечип алмак.

Учурда Кыргызстандын калкы эки жол менен акча-каражат табат. Туризм жана кытай товарларын ташып сатуу. Эгер жуп жарандык күч алса Кыргызстан жумушчуларсыз калат.

Салмактасак, жакшысы көбүрөөк.

Анара Султанбекова, флорист,Москвада  5 жылдан бери жашайт

-Жуп жарандык жүз миӊдеген кыргызстандыктар үчүн жакшы мыйзам!

Ɵткөн жылы мен орусиянын жарандыгын алганга жетиштим,себеби келегимди бул өлкө менен байланыштырам. Бул жерден жалаӊ гана жакшы айлыкка ээ болбостон театрга барып белгилүү артисттерди көрсө болот. Бирок картайганда, туулган жердин топурагы алтын деп, кайра кеьткин келе баштайт да. Таза аба жутуп, булактын суусун ичип жашагым келип калабы де пда ойлойм. Биздин тааныштардын картайган энеси орусиянын жарандыгын алып,бирок Москвадан көзү өтүп кетти. Аны Бишкектеги Алва-Арчага коелу десе, бир топ бюрократиялык кыйынчылыктарга дуушар болгон экен. Ошондуктан жуп жарандык жөнүндө мыйзам чыкса баарыбыз учүн жакшы!