-Cиздин атаӊыз актердук кесипти тандаганыӊызды дароо эле колдодубу же...?

-Бул окуя 90-жылдардын башында болгон. Анда мен Ташкент Чыгыш илимдери институтунда окуп жаткан кезим.  Группада эӊ мыкты студенттеринин бири болчумун, бирок бир ойлонуп ал кесиптен баш арта баштадым. Себеби ал кезде мен актерлукка берилип, Ташкенттин орус драмтеатрынын алдында  театралдык студияга тапшырып,атама Бишкекке сүйүнчүлөп келмек болом. Эгер ошондо атаман кандай жооп угаарымды билсем, мынчалык учуп барбайт элем. Ага угузаар менен, ката кетиргенимди дароо тушүндүм.

Ɵӊүнөн кетип, ал киши «Мени,карачы!  Мен белгилүү артист болуп эмне байлык жыйдым? Мосфильм жылына 60 тасма чыгарып,ар бирине мени чакырчу эле.Ошентсе да менин эмнем бар?»- деп мага ачууланды. Себеби апам экөө менден чоӊ киши чыгат деп үмүттөнүшүп жүрүптүр.

«Мендей жылчык көздүн багы бар экен, актер катары жумушсуз отурган жокмун. Бирок ал заман бүттү. Кино деген эми жок»-деп кейиди. Улуттук театрга да сени албайт, орус театрына да чакырбайт сенин келбетиӊ келишпейт»-деп мага мисал келтире баштады. Ошентип тунү бою экөөбүз тан атканча суйлөшүп чыктык. Бирок таӊга маал мен- «Ата, сени кейитким келген эмес, бирок актер эле болгум келет» - деп жымсалдап кайра айтып көрдүм. Менин чечим кабыл алганымды көрүп аягында «Мага окшогон ээси жок турбайсынбы» -деп айла жок макул болду. 

Бүгүн Орусияда атамдын заманындагы кинематографка караганда тасмалар он эсе көп тартылат жана «жылчык көздүү» актер катары мен ишсиз калган жокмун. Мен жапон,кытай,казакты ойногом. Бул жылы биринчи жолу  согуш жөнүндө сериалда кыргыздын ролун аткардым. 

-Атаӊыз менен жалпы мамилеӊиз кандай эле?

-Бала кезибиздее атабыз көп деле таасир калтырбаптыр, алар апам менен Фрунзеде жашап, мени эжем менен таенемдикине Түркмөнстанга жиберип коюшчу.Себеби чыгармачылык кесип адамдан көп күч талап кылат экен.Ошого байланыштуубу, биз аны көп көрчү эмеспиз. Бирок жума сайын самолет менен Чарджоудан Фрунзеге учуп келчүбүз. Бирок буну чогуу жашоо деп айта албайм. Мен 5 жашка чыкканда ата-энем ажырашып кетти,бирок менин жашоом анчалык деле өзгөргөн жок,мурункудай эле таенемдин колунда өсүп чоӊоюп жаттым.

Анан...19 жашка чейин мен атам менен 4 жолу көрүшүптүрмүн. Кийин 90-жылдардын башында атам Москвадан экинчи аялы менен ажырашып келгенден кийин экөөбүз жакындашып кеттик. Чоӊ энемдикинде көрүшүп калып ошол бойдон жума сайын көрүшчү болдук. Мен Ташкентте,ал Фрунзеде болсо да, жуманын аягында дем алышка келип кетип жүрдүм.

-Сиз Орусия жана Казакстандын киносунда көп тартыласыз. Кыргыз киносунда көрүнбөйсүз. Деӊгээли канааттандыраарлык эмеспи?

-Мен 2004-жылы Талгат Асыранкуловдун «Бейиш куштарында» тартылгам.

Бирок ал тасманы монтаждоо-калыбына келтирүүчү убакыт келгенде, каражаттын жоктугунан иш токтоп калган. Бир жылдан кийин казак продюсери Мелис Атамкулов көмөктөшүп ал кино экранга чыккан. Бүгүн казак менен кыргыздын кинематографы абдан айырмаланып турат.

-Себеп жалаӊ эле акчадабы?

-Биринчи ирет акчада. Канчалык ниет кылсаӊ да акыры баары ошол маселеге келип такалат.Бирок ошол эле убакта ниеттин өзү да керек. Мисалы, Астананын эски мэри Ермек Аманшаев искусствого түз тиешеси деле жок адам. Бирок казак киносунун кайра жаралуусун ошол ишке ашырды. Казак ки номунун абалын көрүп бир жвлдвн ичинде өкмөттөгү болгон тааныштарын колдонуп белгилүү денгээлге чыгарган.

Бизде андай адамдар бар. Бирок кайра кинонун баягы абалына келтирүү үчүн көп каражат керек.

-70-жылдардагы кыргыз киносун «керемет» дешчи эле. Бул эмнеден келип чыккан сөз?

-Так айта албайм. Бирок, «Ыссык-Көлдүн кызгалдактарын» көргөндө, кандайдыр бир өзгөчө сезимдерге ээ болосун. Бул сырдуу нерсе. Ал кинолордун бир касиети бар,ошон үчүн кыргыз киносунун «керемети» деп айтабыз.

Же атайын окууну бүтүрбөгөн Сүймөнкул Чокморовдун аткарган ролун көрүп баарын унутуп киного берилип кетесиӊ. Советбек Жумадылов ойногондо актердук чеберчиликке көӊүл бурбай анын ар кандай образдарына тамшанасыӊ. Ал да өзүнчө керемет.

Кыргыз киносунун чоӊ жоготууларынын бири - Төлөмүш Океевдин «Чыӊгызханды» каражат үчүн аягына  чыга албагандыгы. Союз кулап,бул тасманы италиялыктарга берүүгө мажбур болду. Биздин кино үчүн бул чоӊ жоготуу.

Кыргыз киносцунцун керемети деп эмнени айтабыз? Аны мен да билбейм. Бирок, кыргыз киносу бир күнү жаӊыланып тирилип кетээрине көзүм жетет.