«Орусия баардыгы үчүн» интернет-порталы   тогузунчу жолу өткөрүлгөн «Рунет-2012»  премиясынын  «.рф жана башкалар» номинациясында байгеге ээ болду. Бул салтанаттуу азем 21 ноябрда Arena Moscow аттуу Москва шаарынын  клубунда өттү.

Эксперттер долбоордун Орусиянын аймагында  жайгашкан калктардын маданият,үрп-адатын чагылдырган маалыматтык ресурсунун пайдасын белгилеген.Экинчи ушундай эле деӊгээлдеги номинациясынын жеӊүүчүсү «Это Моё» долбоору болду.  

Порталдын максаты -жалпы  ксенофобияны жеӊүү жана Орусиядагы улуттар арасындагы мамилелерди жымсалдоо боюнча малекеттик программаны ишке ашыруу. «Орусия баардыгы үчүн» порталы РФнын территорриясында орун алган бүткүл калктардын тарыхын,үрп-адаттарын чагылдырып,жер которуучулар үчүн керектүү маалыматты берип турат .Мисалы, жумуш орундары боюнча, кайсы жерде квоталар бар, медициналык кызматты кантип ыӊгайлуу түрдө алса болот, балдарды бала-бакчага жана мектепке кантип орноштурса болот-бул жана башка керектүү нерселер жөнүндө жазылат. Андан тышкары эксперттердин кеӊири темалар боюнча ой-пикирин чагылдырган макалалар да жарык көрөт.   

Долбоорду ишке ашырып жатып көп нерсеге менин козүм ачылды-ушунчалык кызыктуу адамдар жана алар ачканкоомдук бирикмелерди көрсөӊ кызыгасыӊ. Албетте, Орусиянын көп улуттуулугу -мамлекеттин кемчилиги эмес -артыкчылыгы»-деди РИА «Новостинин» «Орусия баардыгы учүн» долбоорунун  жетекчиси Елена Давыдова.         

Учурда долбоордун алкагында чечен,азербайжан жана тажик тилдеринде сайттар ачылып, жакында кыргыз,черкес,авар,бурят тилдеринде сайттар жарык дүйнөгө чыгышы күтүлүүдө. Андан тышкары орус тилинде да сайт чыгат. Бул долбоор РФнын электрондук коммуникациялар бирикмеси тарабынан уюшулуп, Федералдык басма сөз жана массалык коммуникациялар агентчилиги тарабынан каржыланат.