«Жалпы билим берүү жана атайын билим берүү мектеп системаларын бириктирүү жөнүндө бир да кадам шилтенген эмес, андан биз баш тартабыз», - деди  Москва шаарынын билим берүү департаментинин башкармалыгынын орун басары Вениамин Каганов «Школа Live»  ток-шоусунда.

«Мындай сунуш мектептин башкармалыгы киргизиши ыктымал жана анын себептери болуш керек. Мындай орундуу негизделген сунуштарды көрө элекмин» - деп белгиледи Каганов. Анын айтымында ар бир борбордук билим берүү мекемеси «Борбордук билим берүү» программасына жараша өзүнүн өнүктүрүү стратегиясы болуш керек. Мындай стратегияларга жараша кээ бир мекемелер ийгиликтүү долбоор болуп эсептелсе, балким кээ бири тескерисинче, башка структураларды өзүнө сиӊирип алган. «Ар кандай болушу мүмкүн. Бирок учурда алар биздикинен айырмаланып турат. Эгкер дурус сунуштар болсо аны биз сөзсүз карап чыгабыз»-деди билим берүү департаментинин жетекчисинин орун басары.