-Рахматулла-ажы, Кыргызстан менен Орусиянын  диний башкармалыктарынын ортосунда кандай биргелешкен аракеттер бар?

-Негизинен,  Орусиянын Борбордук диний башкармалыгы болобу же регионалдык болуп эсептелген Кавказ республикаларынын  диний өкүлчүлүгү болобу, баары менен жакшы мамиледебиз. Эки өлкөнүн диний башкармалыктарынын мамилеси Муратаалы-ажынын убагында күч алган. Равиль  Гайнутдиндин катышуусу  менен  муфтияттарыбыз 2005-жылы протоколдук меморандум түзгөн, анын  жаңылануусу 2008-жылы болгон.

Албетте, чогулганда алгач ирет толеранттуулук маселелерине, акыркы убакта билим берүү жагына басым кылынууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандан үч кишини Москва шаарынын ислам институтуна  окууга жиберилип, келээрки жылы жети студентти Орусиядан биздин  Куран институтуна  алмакчы болдук.Мусулмандар  форумунун  негизги максаттары- суверендүү өлкөлөрдүн ислам университеттеринин  билим берүү системасын Имам Аззам абу Ханифа мектебинин негизинде бир стандартка  келтирүү.   

Бир топ кыргыз диний кызматкерлери Орусиянын окуу жайларында билим алган. Мисалы, Муратаалы-ажы Уфа медресесинин бутүрүүчүсү.

Мен, жекече муфтийликке келгениме төрт ай болду. Орусиянын мусулмандар кеңешинин башчысы Равиль Гайнутдин менен студент кезимен эле таанышканбыз - Кувейт мамлекеттик университетинин студенти болуп Москва аркылуу көп учуп калчу элем. 90-жылдары ушундай учурдардын биринде, ал киши бизди аябай жылуу кабыл алган. «Мен да убагында студент болгом, алыс жакта журүптүрсүңөр» - деп бизге көмөгүн көрсөткөн.Албетте бир жылуу таасир калтырган.   Аны жакында жоолукканда эстетсем, кызыгуу менен угуп, курсан болду.

-Кезектеги Мусулмандар форумунда кандай ойлор сунушталды?

- Мигранттарга кам көрүү боюнча  дагы терең демилгелер көтөрүлүп жатат,өткөн форумда мен ошого тийиштүү сунуш киргиздим. Ал ойду Орусиянын муфтияты колдоду.   Демилге жөнүндө айтып кетсек, жашоого жараша мигранттардын ар кандай кыйынчылыктары болот экен. Мисалы, алардын никесиз үйлөнүп алуусу, никесиз балдардын төрөлүүсү, же кыздардын жүрүш турушу акыркы убакта көп сөз туудурат.

Муратаалы- ажынын учурунда мигранттарга көмөк көрсөтүү максатында 4 жыл мурун  Мусулмандардын диний башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүн ачылган -Тюмень,Иркутск, Екатеринбургда шаарларында  өкүлчүлүктөр бар. Албетте ар кандай аракеттер кылынууда. Бирок бүгүн бул маселеге мигранттардын  маселесин Кыргызстанда чечүү керек. Мисалы, жаш кыздын алыскы сапарга эркектин кишинин коштоосунда  чыгуу же алардын чыгышына кандайдыр бир чектөө коюуу зарыл болуп жатат.

 Бул сөзсүз  чечиле турган маселелер.Жакында биз муфтияттын атынан Жогорку кеңешке да кайрылып, кыргыз генофондун сактап калуу тууралуу кайрылганбыз.

-Учурда кыздар имам эмес, ата-энесине да баш ийбей калышы мүмкүн -себеби акча тапкан кишинин көзүн кароого мажбурбуз?

-Туура. Бирок ошол эле убакта шериктеш мамлекеттерди үлгү катары карасак - алардын кыздары бул жакта көп эмес. Алар салтка моюн сунган.

Кыздардын ушундай журүүсүндө эркектердин да күнөсү бар. Ичимдикке берилип кеткендердин саны аз эмес.

Жалаң диний жактан гана эмес жалпы мамлекеттик тарабынан да чогуу кийлигишүү керек.Анан биздин республикада да абал бир аздан оңолуп келатат. Өлкөбүз анчалык деле кедей эмес.Чакан ишкана ачып же ошондой сыяктуу  иш менен оокат кылса болот.