Келгендерге  орундуу жүрүп  колдон келишинче жергиликтүү түрдө  кийинип, өз тилинде катуу сүйлөшпөй, жаштардын чогулган жеринен алыс туруу зарыл жана убагшында каттодон өтүү,документтердин копиясын сактап жүрүү жөнүндө деп жазылган.          

Бул борбор Орусиянын миграциялык борборунун жана бир топ диаспоралардын демилгеси менен ачылган. Долбоорго жараша кээ бир конүшүү сабактары акысыз болот.      

«Биздин максатыбыз мигранттарга колдоо көрсөтүү,биздин ыктыярлар вокзалдарда келген мигранттарды «Кош келдиңиз!» деген жазуулары бар кийим кийип, борбордогу көнүшүү тренингдерин өтүүгө чакырышат»-деди долбоордун өкүлү -  Орусия миграциялык борборунун жаштар комитенинин төрагасы Эльмар Айдынбеков.

Бул иш-чара өз ордун таап кетээрине   КРнын РФдагы мурунку элчиси Раимкул Аттокуров бугүнкү РФнын Коомдук палатасынын өкүлүнүн кеңешчиси катары  терең ишенет: «Долбоор убагында ачылды жана сөзсүз түрүндө иштеп кетет.Себеби анын иш-аракеттери РФнын миграциялык саясатына төп келишет»-деп  ишендирди.

Бирок эксперттердин ичинен долбоордун узакка созулганына ишенбегендер да бар. Мисалы укук коргоочу Валентина Чупик  өз пикиринде: «Бир четинен мигранттар тарабынан мигранттар үчүн ушундай аракеттер башталганы өтө кубанычтуу,бирок менин иш практикама таянсак, жер которуучурларга эң негизгиси коргоо чаралары,даарылоо,жумуш жана арзан жатакана керек. Бул баракчалар анчалык деле керектүү сунуш кылбайт экен» -деп айтты.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Орусиянын Президенти улуттар арасындагы мамилелерди жымсалдоо максатында мигранттар үчүн көнүшүү борборлорунун түйүнүн ачуусун аткаруу бийлигине табыштаган.