Москвага көчкөнүнө 11 жылдан ашса да,Бишкекке дайыма каттап.кыргыз улуттук   тамактарды мактап, эски жоро-жолдоштору менен мамилесин үзбөй сактап калганы бир четинен таңгалычтуу. Бирок бетме-бет сүйлөшүп көрсөк, Ая  Бишкектин сахнасында өзүн кандай жөнөкөй алып жүрсө, азыр деле так ошондой.

Музыканттар менен Москванын борбор аймактарында жайгашкан кыргыз кафелеринин биринде көрушүп маек курдук.

Бул күнү Ая, Леон, Маша, Дима өздөрүнүн күйөрмандары менен жоолугуша ткрган кунү  - кээ бирлери топтун атагы чыга электе эле музыканттардын чыгармачылыгы менен тааныш экен.   Ая учурдагы топтун жетишкендиктери, кыргыз замандаштары жөнүндө кандай ой-пикирде болгондугу жана Москвада биринчи жылдары жашоосу кандай өткөндүгү жөнүндө айтып берди.

-«Город 312» тобунда эмне жаңылык бар?

-Жаңы альбомду чыгарууга биз азырынча шашылбайбыз. Бирок ырларды жаздырып атабыз.  Жакында интерактивндик видеоклип чыгардык. Ырдын аты «Твой день». Бир топ сериал жана кинотасмалар үчүн ыр жазып, өзүбүз да кинодо тартылып жатабыз.         

Интернетке  кирип, ар бир киши  өзүнүн сүрөтүп жүктөп  клиптин башкы каарманы боло алат.

-Сиздин Орусияга көчүп кайрадан ийгиликке ээ болгон  үчүн сиз бактылуусузбу?

-Мен жалаң гана бул ийгилик үчүн  бактылуу эмесмин.Мен үчүн бакыт - жалаң гана ишимдеги ийгилик эмес. Бирок тобубуздун ичинде  кандай жетишкендиктер болсо  абдан кубанычтуумун.Мындан ары да чыгармачылыгыбызда жалаң ийгиликтерге ээ болобуз деп ишенем. Ошол эле убакта  бакыт   жашоонун  башка көрүнүштөрүнөн да көз каранды.    

-Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен катышасызбы?

-Албетте.  Бүгүн  биз Жылдыз Осмоналиеванын кафесинде отурабыз-ал менен  биз балачактан бери чогуубуз. Мамилебизди бул жакка көчкөндөн бери  үзгөн жокпуз. Көрүшкөнгө убакыт жок, бирок колдон келишинче баарлашып турабыз. Жылдыз менен бир мугалимден -Рафаил Сарлыковдон - вокал боюнча сабак алчыбыз. 

-Сиз Жылдыз Осмоналиева менен бирге 2008-жылы Сарлыковго өкмөт тарабынан үй бөлүнүп беришине  жардам бергенсиз. ..

-Ооба, азыр эстесем ошол убактагы президентибиз К. Бакиев менен жолугушууга барып,

«эмне өтүнүчүңүз бар?» -деген суроого Жылдыз экөөбүздүн оюбузга мугалимибиз келиптир. Ал кишинин  республиканын алдында көп эмгеги бар, бирок  өзү үчүн эч качан чууркаган эмес.

Бирок ушундай кыска мөөнөттө   берилип калышын күткөн да эмеспиз. Эң биринчи  агайыбыз телефондон суйүнчүлөдү. Ошондо мамлекеттик башчыбызда абдан ыраазы болдук. Эгер мурун ушундай суроо менен барсам, кире алатпы элем? Белгисиз. Кыргызстанада жашап жургөндө мамлекет башчынын кабылдамасына бир да жолу бара элек элем. Ойлоп көрсөм эл аралык  конкурстардын лауреат болуп, Аялдар конгрессинин өкүлү болуп ,калын элге таанымал болчумун, бирок   мынчалык бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Президенттин ошол жакшылыгын унута албайм.

-Сиз Москвага көчүп келгениңизге 10 жылдан ашты. Биринчи жылдары кыйналдыңызбы,же баары шар кеттиби?

-Мага кетип жатканда айтышкан -  беш жылдай кыйналасың. Кандай кыйынчылыктар болоорун билгенде, мен Москвагаг көчпөйт болчумун.

Себеби,   өлкөбүздө аткаруучу катары  кеңири таанылып базарга келсең сатуучу кемпирлер салаттарды белек катары даярдап берчи эле. Бишкектин ар бурчунда билборддорум илинип,  автобус дегенди билчи эмесмин.     Радиодо өзүмдүн  берүүлөрүм бар эле. Москвага келгенде - баары үчүн төлөш керек экенин  тушүндүм. Бишкекте үйүмдү сатпай эле келгем. Акча жок кыйналдык. Менин оюмда, Москвага келээр менен  жумушка орношуп  элдин баарын багып баштайм деп ойлоптурмун. Группабыздагы  (5 киши) кыздар балдар болуп Подмосковьеден бир бөлмөлүү үйдө жашап,күндө тамак-аш менен жол киреге болгону 100 рубль корото алчубуз. Метрого  контролерго көрүнбөй башка жактан кирчибиз. Үйгө жетип алыш үчүн  акыркы элекричкага жетишип калыш үчүн жан талашып чуркачыбыз. Бир жолу чуркап бараткан жерден жыгылып кетип, Москвага келгениме ушунчалык өкүндүм.      Музыкалык продюсерлер менен жолугушканда да жашымдын өтүп бараткандыгы жөнүндө көп сөз уктум. Чоң шаардын  кыйынчылыктарын бүт көрдүк.     

-Москвада жүз миңдеген заманадаштарыбыз иштейт. Алар жөнундө кандай ой-пикирдесиниз?

-Эки жыл мурда бир кишилер мигранттар боюнча бир фонддо иштешкени чакырган. Бирок тилекке каршы долбоор ишке ашпай калды. Себеби менде эмес.  Мен иштешкенге даяр элем.

Жакында жаңы мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев менен жолугушуубуз өттү. Ниетинен жакшы ой-пикирде калдым. Бишкекке көп каттайбыз. Келген сайын өзгөрүүлөрдү көрөбүз .

Бара-бара Кыргызстан чоң өзгөрүүлөргө ээ болот деген үмүттөмүн.   

Чынында менин Бишкектеги жакындарым,тааныштарым баары - күтүүдөн чарчашты.Эртеңки күн кандай болот -турмуш оңолобу,же оңолбойбу.  Бардыгы  илгерки убактагы эл аралык ынтымакты каалашат - Союз боюнча бүт аймактарды кыдырып чыккам- Кыргызстандан кооз жер,элинен сабырдуу эл!  Ыссык-Көлүбүз  эң кереметтүү көл!