Эгер Казакстан социалдык жаңылаштыруу жана анын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеп кылса, Кыргызстан социалдык саясаттын туруктуу программалардын баштапкы этаптарын башынан кечирип келүүдө. Биргелешкен келечекке кадам шилтегенден мурун кандай абалдабыз,кайсы жактарды иретке келтиришибиз керек? Бул суроо менен биз РИА Новостинин пресс-борборунда өткөн «СНГ-социалдык саясатынын жаңы тренддери» аттуу тегерек столдун катышуучуларына кайрылдык.

Юлия Якушева, Москвадагы «Север-Юг» политологиялык  борборунун мүдүрүнүн орун басары.

«Жаштар ар бир өлкөнүн келечеги.Себеби анын бир бөлүгү кийин саясий элитасын түзүп калат.Эгер кыргыз жаштарына бир долбоор сунуш кылсаң «канча акча бересиң?»- деп сурашат. Бул катачылык. Кыргызстандагы жаштардын аң-сезими акчанын тегерегинде болуп калгандай сезилет.Ошон үчүн учурда Орусия Кыргызстанга бир чоң долбоор сунуш кылуу ыктымал.

Кыргызстан жаштары бүгүн Түркия жана батыш өлкөлөрү менен көп иштешүүдө жана алардын таасирин алууда. Бул учур менен пайдаланып Орусия да ар кандай өнүгүү долбоорлорду ачса болот эле.  

Кыргызстанда жаштар түрк лицей менен жогорку окуу жайларда окуганга аракеттенишет,себеби түрк окуу жайларынын билим берүү системасы канааттандыраарлык жана сапаттуу.

90-жылдары Кыргыз-орусиялык славян университети мыкты окуу жайларынын бири болуп эсептелинчи эле,азыр деңгээли төмөндөп калыптыр.  

Батыш Кыргызстандын жаштарына толук таасир бере электе Орусия жагдай менен колдонуп калышы керек.

Буга жардам бере турган дагы себеп -кыргыздардын Орусияга миграцияга каттаганы.Орусияда жүргөнү менен  орусча начар билишет.Өзгөчө Түштүктө

бул проблема.

Юрий Булуктаев,Казакстандагы НПОнун жетекчиси.

«Коңшу катары карап көрсөк,өлкө реформалардын багытын алмаштырып отуруп,аягында оюнга айлантып салгандай сезилүүдө. Эгер Казакстан эволюция жолу менен өнүгүп жатса,Кыргызстан революция жолу менен келатат. Акыркы жылдары улам кайталанып аткан окуялар, төңкөрүштүн аркасынан төңкөрүш болуп отуруп, Кыргызстандын имиджи да бузулду. Баарын унутуп өкмөт стабилдүүлүк жөнүндө кам көрүш керек».        

Леонид Гусев,Москва шаарынын Эл аралык изилдөөлөр институтунун кызматкери.

«Кыргызстан биринчи ирет түндүк-түштүккө болүнбөй биргелешиш керек. Бүгүн Кыргызстан бийликтеги жогорку деңгээлдеги профессионалдарга өтө муктаж.Мисалы тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Эрлан Абдылдаев сыяктуу болсо,өлкөдө жагдай бир топ дурус болмок».

Людмила Адилова, РГГУнун саясий социология илимдеринин кафедрасынын профессору:

«Митингди башынан аягына чейин өткөрүп беребиз»-деген рекламалык жарыялар кездешкен өлкө өзгөчө комментарийлерге ээ. Кыргызстанда ар кандай саясий окуялар көп. Бул негизги тоскоол кылуучу фактор.

Евразиялык биргелешүү долюоорунун алкагында өлкөлөр арасындагы «Эң таза шаар»,же   «Тамекисиз бир күн» сыяктуу сынактарды өткөрүп СНГнин элдерин жакшы салттарга кондүрүш керек».