Бул күндөр унутулуп да калды. Бирок Москва шаарында мен бат  бутума туруп кеттим, себеби керектүү тааныштарды тез эле таап негизги окуума тоскоол болгон жок.

Алтайдан институтту жаңы бутүрүп келгенде  мен эл арасында бираз тартынчымын. Алдыма койгон максаттарым менен жаш да болуп  Москванын турмушуна көнүп кеттим. Бактым бар экен,кара жумуш кылбай эле жашадым.Сценарист жана режиссерлордун жогорку окуу жайында окуп,  Михалковдун  колунда чоңоюп өстүм.

 Менин көп тааныштарым  үй-булөсүн  ушундай бакчы. Күндүз, мисалы окууга барып кечинде жүктөөчү же башка бир ушундай сыяктуу жумуштарда иштечү. Көчө шыпыруу  уят эмес,бирөөнүн көзүн караган уят.   Анын үстүндө мен аскерден кийин,Свердловсктун архитектуралык институтун бутүрүп келгем.Студент болуп жүргөн кезде бр күндүк акча табууларга көп барчубуз. Архитекторго окуп, ар кандай эмерек жасап,мозаика менен жасалгалап иштечибиз. Сургут шаарында бир мейманкананы толугу менен дизайн жактан жасалгалаганбыз. Ал болбосо,балким мен да кара жумуш менен акча тапмакмын.

-Адам жер которуп, башка байыраак өлкөдө толугу менен бактылуу боло алабы?   

Мен өмүр бою  Орусияда жашап келатам, ошондуктан так жооп бере албайм. Бирок  мен бир белгилүү кишинин үй-бүлөсүн таанычу элем. Совет бийлигинен революциядан кийин Америкага качып, акча табыш үчүн   генерал таксист болуп иштеген. Албетте,алар канчалык башында кыйналганы менен Орусияга кайтпайт - аң-сезими өзгөргөн.    

Менин кызым Полина кичинекей жашынан баштап Америкага көчүп кеткен. Ал жактан жана Канададан ордун таппай эми Балиге көчүп кетти. Ушундай нерселерди ойлосоң, ата-мекенди таштап кетүү оңой деле эмес окшойт. Ностальгия деген да бар.Полина  четке кеткенден бери англис тилинде сүйлөп ал да таза орус болбой калды. Америкада үйдө так орусча сүйлөө биздин негизги шарт болсо да  ой жугүртүүсү батыштык   адамдардыкындай.                                

-Көңүлүңүзгө дуушар келбеген темага тасмаларды көп тартасызбы?

Мага жаккан нерсени эле тартам. Кантип жакпаган нерсени тартасың?

Азыркы кинематографта ир чоң жетишпестик бар -ал жакшы сценарийлер.Бүгүнкү көрүүчүлөр өзгөрдү-ой-жугүртүүсү, аң-сезими,анын баарын эске алсаң оңой менен сценарийди да таппайсың. Заман өзгөрдү.

Комедия, драма -  айырмасы жок, мен үчүн мазмуну кызыктуу болушу керек.

-Америкалык көрүүчү орус көрүүчүсүнөн эмне менен айырмаланат?

Жакшы суроо. Америкалыктар өз киносун орустарга караганда жакшы көрөт!