Орусиянын белгилүү маданият ишмери Михаил Ефимович Швыдкойду Кыргызстан менен байланыштырган - Кант шаары. Борборубуздан бираз четкерээк жайгашкан Кант шаарчасында Михаил Ефимович туулган. Бул жакка кайра келгенде кандай сезимдер туулуп,жалпы Кыргызстандын маданияты жөнүндө кандай ойдо экенин төмөнкү маекте окуй аласыздар:           

-Мен Кантта туулуп, бир жашка чыга электе көчүп кеткембиз. Кайра 52 жылдан кийин иштер менен барыптырмын. «Киндик каның төгүлгөн жерге  өлгөнү кайтасың»-деген белгилүү кыргыз макалы бар эле. Көп жылдан кийин Кантка барып көчөлөрүн кыдырганым эсимде. Кантта жашабасам  да, апам айткандай,   өнүккөн чоң шаар болуп элестетилчи. Бирок өзүм чоңоюп калганыма байланыштуубу - Кант чакан бир шаарча экен.  Кандай болсо да, ата-энемдин жаштыгынын маанилүү жылдары өткөн  жер мен үчүн дайыма ыйык болуп эсептелинет.

Ал жакка 1947-жылы менин апамды  төрөт үйүнө Орусиядан жиберишкен. Атам болсо согуштан кийин оор жарадар бойдон Кантка бары апам менен үйлөнүп, чогуу жашашакан экен. Азыр болсо Канттын атагы орус авиабазалар үчүн да чыгып жатат. Менин туулган жерим мага өзгөчо жердей болуп бугүн да сезилет.                        

 -Орусия үчүн кыргыз мигранттары-баа жеткис бир күч. Бунун бир канча себеби бар. Эстеп көрсөк,кыргыздар орусча бир топ жакшы сүйлөйт,анткени Кыргызстанда орус тили-расмий.Бул жакка келген кыргыздар  кыйналбай орусча суйлөшөт. Андан тышкары-кыргыздар эмгекчил калк,Москванын бүгүнкү келбетинде, комфорттулугунда кыргыздардын  бир кыйла эмгеги бар.

Менин  буга көзүм түз. Эгер Кыргызстандын интеллигенциясын алсак -алардын саны аз эмес.Мугалимдер,музыканттар,инженерлер - булар менин бир туугандарым десек болот. Албетте, аларга жакшы мамиле кылам.

Кыргызстан -СНГнин аймагында ар кандай гуманитардык долбоорлордо тынбай катышууда. Маданият министрлиги  өзгөчө.   

Кыргыздардын дүйнөлүк денгээлдеги бир нече маданияттын ... бар. Бул -бизди бириктирген улуу «Манас» эпосу, Чынгыз Айтматовдун ойлорун ишке ашыруу дуйнөлүк коомчулук үчүн өтө маанилүү. Анын ичинен Ысык-Көл форуму да маанилүү. Кыргыздардын балетин да улуу десек жаңылышпайбыз. Чолпонбек Базарбаевдин балеттик салттары  менен конкурстарын бугүн да ишке ашырыш керек. Кыргыз киносу  убагында кандай өнүгүп,ачылды эле. Бунун баарын сакта калуу керек.

Кыргыз маданиятынын дүйнөлүк масштабка чыгуусуна орус тили көмөктөш болот. Бул нерсени ойдон чыгарбаш керек.                                    

Кыргыздарга 20-кылымдагы орустардын маданиятын окуу көп нерсе берди деп айтсам жаңылышпайм. 

Кыргыз маданиятынын кучү -эки тилдүүлүктө!