«Уюшулган түрдө Кыргызстандан мигранттар келсе, анда суроо жок, буну биз колдойбуз, себеби экономиканы көтөрүш керек», - деген ойдо Исаев.

Кыргыздар үчүн иш квоталарынын саны жакын арада көбөйөбү, деген суроого Биргелешкен экономикалык аймакка Россия, Беларусь, Казакстан катары канчалык эрте кирсе, ошончолук бул жагдай чечилет» - деди төрага.

 

Бул жана башка суроолорго Андрей Исаев менен Михаил Шмаков Россиянын ишмерлер жана өндүрүшчүлөрдүн тарабынан жазылган РФ нын Эмгек кодексинин жаңы концепциясы боюнча талкулоого чакырган пресс-конференциясында жооп беришти.

 

Михаил Шмаковдун оюнда РФнын Эмгек кодексинин бул жаңы концепциянын кабыл алынышы татаал, себеби жалпы эмгектенгендердин кызыкчылыгын коргобойт.

«Азыркы биз колдонгон Эмгек кодекси, кризисте өзүнүн күчүн көрсөттү. Андан тышкары Европада эң мыкты Эмгек кодекстеринин бири болуп эсептелинет, себеби жумшак иштөө шарттарын сунуштайт» - деди Шмаков.