Арадан канча жыл өтсө да,кыргыздарга жылуу мамилесин сактап,бизге куйгөнү көрүнүп турат. 

-Кыргызстанда туулуп  өскөнүңүз белгилүү,интернетте Оштон туулган деп жазылып турат?

-Чынында Кызыл-Аскерде туулгам,бирок бир кездерде Ошто жашаганбыз. 1960-жылы Ташкенттеги Жогорку жалпы аскердик командалык орто окуу жайына тапшырып, окуумду бүтүрүп  Кыргызстанга кайра кайткан эмесмин,бирок Ивашовдордун тукуму Кыргызстанда азыр да бар. Аякта убагында менден башкасы калып,азыр бир-туугандарым жашайт.

-Туулган жериңиздеги болуп жаткан окуяларга кандай көз-караштасыз?

-Чогуу жашап жаткан чоң үйдү күтүлбөгөн жерден бузуп салгандай эле Советтер Союзу кыйрагандан бери баш көтөргөн өлкөлөр жок. Союз жоюлгандан кийин социалдык-экономикалык турмуш чоң жоготууларга ээ болду. Жалаң гана жакырлыктын пайда болушу эмес. Адамдын өнүгүүсү катуу айырмаланып, токтоп эле калды. Бул жокчулук менен токчулуктан да артык нерсе.        

 Колунда барлар кам санабай жашашса, башкасы четте калып ,жакырчылыкта жашаганы-Кыргызстан болобу,Россия болобу жалпыбыздын көйгөйү.

      Бир күнү кичинекей кызым экөөбүз музыка дүйнөсү жөнүндө сүйлөшүп                                                   

 жатсак кызым  «музыкалык билимиң жок болсо каяктан билесиң мунун баарын», деп сураганы эсимен кетпейт. Чынында жалпы билимибиздин деңгээли жогору эле,жогорку аскердик окуу жайды бүтүрсөм да, дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын жатка билип,балдарыбызга үйрөтөөр элем. Илгерки Фрунзеде  жүрүп классикалык чыгармаларды,анын ичинен Малдыбаев,Власов жана Ференин опералык чыгармаларын угуп калчу элек. 

Бүгүн биз  адамдын өнүгүүсү боюнча  калып баратабыз.

Москва баардыгыбыз үчүн жогоруда айтылган чоң үйдүн борбору,бул мамиле керек болсо эненин сүтү менен сиңип калган. Энесине тартылгандай болуп,Москвага ошондуктан  баары иштегенге,окуганга келишет.                       

Бүгүнкү жагдайдын орчундуу маселеси-суверендүү мамлекеттерде бирдик жок. Жер которуучулар жалаң  пайданы  ойлогон ишкерлерге жем болуп калганы  өзүнүн алсыздыгы. Россияга үмүт менен келген мигранттар мындай шарттарды көргөндөн кийин кайра кеткенге шашат.   

Республикалардын мигранттардын алдында эч кандай жоопкерчилик тарпайт, ал жактан иштеп келгендерге пенсия да бөлүп берүү талаш болгонун билебиз. Россиянын ишкерлери жана республикалардын өкмөттөрү үчүн бүгүнку жагдай ыңгайлуу-мигранттын айынан көп маселе чечилүүдө-орус ишкер бир топ акча үнөмдөсө,ошол эле Кыргызстанда жумушсуздук жоюлууда-баардыгы сыртта миграцияда жүрөт.

-Россиянын президенти Путин бүткүл Евразия интеграциясы жөнүндө акыркы убакытта көп басым жасайт,акыры кандай натыйжа күтүлүүдө?                                                            

-Россия бул маселе боюнча МГЛУ аркылуу долбоор ачкан. Тактаганда,суверендүү өлкөлөр экономика маселенин тегерегинде гана эмес маданий, билим берүү, жалпы өнүгүү жактан биргелешүүсү көздөлгөн.                         

Өндүрүш,илим жактан биргелешүүбүз керек.Коргоо жана саясаттык суроолор боюнча дагы карап чыгуу керек.

   Эмки кадам -ШОСтун Евразиялык Союзуна айланышы. Анын курамына Индия,Монголия,Иран,Афганистандын кириши абзел. Интеграция жөнүндө сөз козгоодо,бир өлкөнүн бийлиги эмес,бийликти тең бөлүштүрүү-негизги маселе.Бул долбоордун туруктуулугунун белгиси.     

Бул концепцияны иштеп чыгууда,каржы,экономика,эл аралык мамиле түзүү,коргоо маселелердин өзгөчө модели иштетилип чыгышы керек. Себеби батыштык жашоо модели кризиске алып келет. Америкалык окумуштуу Матиас Чанг айткандай «АКШда банкирлердин бийлигин сактап калыш үчүн,чоң согуш керек»- бул маселелердин алдында биз өзүбүздүн Евразиялык моделин иштетип чыгышыбыз керек.  Бүгүн бир нече өлкө өзүнүн эгемендүүлүгү жөнүндө көп сөз кылат,бирок иш жүзүндө Түндүк Кореядан башкасынын баары бири-биринен көз каранды.БУУнун Генералдык Секретары айткандай бир да көз карандысыз өлкө жок,америкалыктар да өздөрү банк системасынан дуйнөлүк оилгархиядан көз каранды.

-Бизге коңшулаш Өзбекстан да өзүнүн «көз карандысыздыгы» көп көңүл бурат?

-Бул өлкө мамлекеттик өнүгүүнүн формуласын тынбай  издөөдө. Ислам Каримов менен көп жоолугуп сүйлөшөөр   элем. Бир жагынан Россия менен мамиле түзүү керек экенин билип, АКШга акыркы убакытта көп кайрылууда.

Бир четинен Россияга таарынычы бардай сезилет. Анткени Союз жаңы кулаганда, Россия Орто  Азиянын өлкөлөрүнөн негизги шериктеш катары Өзбекстанды тандайт деген үмүтү бар болчу. Бирок Ельцин Назарбаев менен көбүрөөк «катташып» калган. Ошондо ортодогу долбоорлор дагы Россия менен Өзбекистандын  мамилесин бузуп койду-себеби   Россия дагы күндө шарттарды өзгөртүп туруп алды. Ошондон соң  өзбектер да АКШга кайрылып калды. Акыркы убакытта  оюнга да айланып   бир бизге,бир АКШга кайрылып калышы көңүлдү бурат. Бир кездерде АКШдан мурун Түркияга кайрылып,аяктан бат эле баш тарткан.Себеби-аскерлерди даярдоодо түрктөр советтик өлкөнүн  жарандарына эмнени үйрөтө алат?  Бул сөздү баса, мен Каримовдон өзүм уккам. Бул өлкө өзүнун  Борбор Азиянын алдыңкы мамлекеттери  катары эсептейт-экономикалык ролу жактан, элдик потенциал жактан,бирок антип санаганы менен, далилдеш керек.  Бирок тактаганда бул пикир жалпы өлкөдөн эмес, өлкөнүн башчыларынын пикири.

Түркияны айта кетсек,Кыргызстан анын таасирин көп алууда, мында Россиянын да күнөөсү бар -бир чоң долбоор сунганда, кыргыздар,анчалык көз каранды болбойт эле. 

-Россияда кыргыздар гана жарандыкты тез арада ала алган.

Расмий  себептери бар-Акаев менен Ельцин бул суроону камсыздандырган.Бирок  мунун терең себеби эмнеде ?

-Терең караса- кыргыз элинин сабырдуулугу,ыймандуулугунда.  Мен өзүм бир эл аралык аскердик  мекемени жетектеп келген заманда жалаң кыргыздарды,же казактарды алганга аракет кылчумун. Эмнеге?   Куулугу жок,   көп болсо эки айдай сууктарга көнүп, кээде уктап калышпаса эле, кемчиликтерин башка кемчиликтерин байкаган жокмун.

Союз кулаган учурда деле, башка өлкөлөргө окшоп мүнөзүн көрсөтпөй, иш тууралуу керектүү гана ой-пикирин билдирээр эле Кыргызстан. Куулук-шумдугу жок  кыргыздар ушул себептен көп маселелерди оңой чечип алат.Өзгөчө,эл аралык маселелерде

Ошондуктан кыргыз аскерлер советтик командирден эч качан нааразычылыкты көргөн эмес. 

Бул  кыргыздын акылмандыгы жана жөнөкөйлүгү Россиянын жарандыгын алуу боюнча суроолордо чоң мааниге ээ.

Бүгүн Россиянын калкы азаюууда, Ыраакы Чыгыш менен Чыгыш Сибирдин жерлери бош. Ал жакка жапон менен кытайлар келсе коркунуч туудурат. Эгер өзүбүздүн орусча билген  Орто Азиянын  калкы ошол жерлерге жайгашса-бул биздин кишилер. Демографияны жогорулатыш керек.

Россиянын ал жерине уюшулган мигранттык топторду жөнөтүп,кесип алганга, окуганга мүмкүнчүлүк берип тартыш керек.      

Андан тышкары Борбор Азиянын  калкынын саны жогору болгондуктан Россия менен аралаш үй-бүлө куруп, көп балалуу болууну колдосо Россиянын демографиясы оңолот эле.

 Бирок расмий  түрүндө, бүгүнкү мигранттардын абалындай эмес, каттоо аркылуу  чечиш керек.