Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов дипломатиялык миссиясынын биринчи жумушчу күнүн Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чынгыз Айтматовду эскерип, Москва шаарынын Даниловкий районунун Павловская көчөсү менен Подольское шоссесинин кесилишинде Ч.Айтматов атындагы сейил бакта жайгашкан эстелигине гүл коюу менен баштады.

Кундуз болсо  элчи Жекшенкулов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Статс-катчысы — Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Гигорий Карасинге Ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.
Григорий Карасин кесиптешин жылуу кабыл алуу менен, Жекшенкуловду Россия Федерациясында дипломатиялык миссиясынын баштоосу менен куттуктады жана жооптуу ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орусиялык эки тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды, эки өлкөнүн жана элдин салтка айланган өз ара ишеним, сыйдын негизиндеги стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча аракеттер билдирилди.