Орусиянын түндүгүндө жайгашкан Ханты-Мансийск аймагынын Югра аттуу шаарында мигранттарды жумушка алууга, тактай кеткенде — такси жана тез-татым тармактагы ишкерлерге мигранттарды жумушка алууга тыюуу салынды.
Бул тууралуу ЮграPRO порталы билдирди.
Жаңы мыйзамга карата үстубүздөгү жылдын 1-январынан тартып айтылган аймакта патент менен иштөөгө уруксаты бар гастарбайтерлер таксиде иштей албайт, тамеки жана ичимдиктерди саткан жерде иштей албайт.
«Бул жаңы жобо апрель айынан баштап жогоруда белгиленген мигранттардын категориясы шаардагы бир топ жумуш орундарын бошотуп келээрине алып келет» — деп, ХМАО Югра шаарынын өкмөтүнүн расмий сайты билдирди.
Ошол эле убакта жеке ишкерлер бул мыйзам баалардын өсүүсүнө сөзсүз түрдө алып келээрин айтышкан.