Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчи кызматына дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аликбек Жекшенкулов 1957-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы мурдагы элчиси бүгүн Болот Отунбаев АКШга элчи болуп дайындалды.