Москва шаарында, 13-январда кыргыз элинин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кыргыз күрөшү боюнча II мелдеши өткөрүлдү.

Жогоруда айтылган мелдеш «Иван Ярыгин атындагы» спорт комплексинде өттү.   

Турнирди «Талас биримдиги» коому жана «Күрөш России» федерациясы уюштурган.  

Иш-чарага демөөрчү болуп Москва шаары жана Москва облусу боюнча мекендештердин коомдук уюмдары кызматын көрсөтүштү.

Мелдешке жүздөн ашуун спортсмен, алардын ичинде Россиядан, Тажикстандан жана Өзбекстандан чыккан күрөш чеберлери да катышты.

Турнирдин ардактуу коногу катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев катышты.