Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Москва облусунда жана Москва шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңеши, Координациялык кеңеши тарабынан уюштурулган жылдык жыйынтыктоо жыйынын өткөрүштү.        

Иш-чарага Элчиликтин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн, ИИМнин Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Москва облусунда жана Москва шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңешинин жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү. Адабий клуб, маданий борборлордун лидер, активисттери катышышты.

Жалпы коомдук уюмдарды 2018-жыл ичинде активдүү иш алып барган лидер, активисттерди, диаспора мүчөлөрүн жылды ийгиликтүү жыйынтыктоо менен жакшы ийгиликтерге жетишүүсү менен Элчи Б.И. Отунбаевдин атынан куттуктап, Элчиликтин Кеңешчиси Н.Э.Суеркулов жалпы Элчиликтин атынан терең ыраазычылыгин билдирди.

Москва шаарында кыргыз диаспорасы тарабынан өткөрүлүп жаткан чоң иш-чараларды уюштуруп, салым кошуп жатышкан кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңешин, Координациялык кеңешин, "Мекеним Ала Тоо" аймактык коомдук уюмунун иштерин баса белгилеп кетти.

Москвада кыргыз диаспорасы башка улуттарга салыштырмалуу эң көп сандагы диаспора болуп саналат. Ар бир уюшулган коом, ар бир уюм өз алдынча колдорунан келишинче кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, спортун, каада-салтын Россияда даңазалоого аракет кылып, ар кандай иш-чараларды  өткөрүштү.

Акыркы эки айдын ичинде Москва шаарында КРнын жети облустун жарандары облус боюнча биригип, жаңы коом түзүлүп, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин абдан жогорку деңгээлде өткөрүштү.

Жыл ичинде мекендештерибиз тарабынан маданий-гуманитардык иштер болгон Нооруз майрамына, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган кече, "Ыр Кесе", "Сармерден" оюн-зоок кечелери, Кыргыз тилине арналган кечелер, адабий кечелер, ошондой эле патриот мекендештерибиз кыргыздын спорттук оюну "Көк бөрү" оюнун Москва шаарынын жашоочуларына тартуулаганга да жетишти, мындан сырткары, мекендештерибизди ынтымакка биримдикке чакырган спорт оюндары күрөш, футбол оюндары уюштурулду.

Иш-чарада мекендештерибиздин Элчилик тарабынан жасалып жаткан консулдук-миграциялык иштерге жакындан жардам берип жатышкандыгы баса белгиленди. Быйыл РФда Футбол боюнча Чемпионаттын жүрүшүндө мекендештер арасында тартипти сактоо, өзүн миграциялык мыйзамдарга ылайык алып жүрүү боюнча маалыматтык иштерди жасалды.

Ошондой эле мекендештерибиз тарабынан  ар кандай тартип бузуулар чыгып жаткан мезгилде, бардык коомдук уюмдар активист жигиттер биригип, демилге көтөрүп, жарандарыбыз арасында маалыматтык-түшүндүрмө иштерин жүргүзүү иши да ишке ашырылып жатат.

Белгилүү болгондой жакында эле КРнын жарандарына карата кабыл алынган "миграциялык мунапыс", "кара тизмеден" чыгаруу боюнча иштерди ишке ашырууда да коомдук уюмдар активдүү көмөктөшүп, жарандарыбызга жеткирүү аракетин жасашты.

Ошону менен бирге Элчиликтин өкүлү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков эмгек мигранттарына, кыргыз диаспораларына, алар менен иш алып барууга терең көңүл буруп, миграциялык маселелерди чечүү боюнча бир топ иш-аракеттери жасалып жаткандыгын баса белгилеп, КРнын Президентинин алдында С.Ш.Жээнбеков төрага болуп бекитилген Сырттагы мекендештер менен иш алып баруучу атайын Кеңеш түзүлгөндүгүн жана ал кеңешке Москва шаарынан эле 5 адам мүчө болуп киргендигин, ошоной эле Кеңешке мүчө болгон активисттерибиздин алдында  Кеңештин ишин алып баруу, мекендештердин маселелерин көтөрүп чыгуу сыяктуу демилгелерди сунуштоо милдети тургандыгын белгиленди.  Ошондуктан бул багытта ыкчам иш алып барууга чакырып кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз диаспоралык уюмдардын активисттерине КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаевдин атынан ыраазычылык каттар жана сый белектер тапшырылды.

Жыл бою активдүү эмгектенген, коомдук иштерге активдүү катышкан мекендештерибиз Москва облусундагы жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңеши, Координациялык кеңеши тарабынан ыйгарылган ардак грамоталарга татыктуу болушту.

Ошону менен бирге кыргыз калкынын сабырдуу, ак ниет калк экендигин чет өлкөдө дагы бир жолу даңазалаган КРнын жараны, Москвада таксист болуп иштеп жаткан Кайрат Тентимишевге КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаевдин атынан ыраазычылык кат, белеги менен тапшырылды.

Иш-чара концерттик номерлер жана жайыл дасторкон менен коштолду.